ГЕОГРАФИЯЛЫК КАБЫК
ГЕОГРАФИЯЛЫК КАБЫК – генезистик ж-а функциялык бүтүндүккө ээ болгон жердин кабыгы. Ага атм-нын төмөнкү бөлүгү – тропосфера, литосферанын эӊ үстүнкү чөкмө тоо тектүү катмары, бүт гидросфера ж-а биосфера кирет. Г. к-тын курамдык бөлүгүн (компоненттерин) тропосферанын аба массалары, океан ж-а кургактык суулары, жер бетинин рельефи, ар түрдүү тоо тек комплекстери, топурак кыртышы м-н организмдер тобу түзөт. Г. к. Жердин башка бөлүктөрүнөн заттык курамынын ж-а түзүлүшүнүн өзгөчө татаалдыгы, тиричиликтин болушу, эркин энергия булактарынын көптүгү, о. эле дээрлик өзгөрүгө алып келген антропогендик таасирлери м-н айырмаланат. Ушул себептерге байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдөн тышкары Г. к-тын курамына социосфера, техносфера ж-а ноосфера кирет. Г. к-та гана зат бир эле мезгилде үч агрегаттык (катуу, суюк, газ) абалда болот. Г. к-та болуп жаткан процесстердин негизги булагы Күн энергиясы, Жердин ички жылуулугу ж-а гравитациялык энергия саналат. Г. к-та Күн радиациясынын көбү сиӊип, ал энергиянын жардамы м-н көптөгөн табигый процесстер (абанын которулуусу, суунун айланышы, тиричилик ж. б.) жүрөт. Алар Жердин ички энергиясы пайда кылган процесстер (тектон. кыймылдар, вулканизм ж. б.) м-н өз ара татаал аракетте болот. Г. к-та гана чөкмө тоо тек, топурак кыртышы пайда болуп, тиричилик жаралып, ал өтө ар түрдүү формада өөрчүйт. Тиричиликтин өнүгүүсү м-н анын башка компоненттерге тийгизген таасиринин натыйжасында Г. к. азыркы биосферага айланган. Г. к-та гана адамзат коому калыптанып, Г. к-тын табигый ресурстарынын негизинде өндүрүштүк иш-аракеттер болууда. Натыйжада Г. к. адамзаттын геогр. жашоо чөйрөсүнө айланды. Г. к. — заттык курамы ар түрдүү, түзүлүшү өтө татаал болгондугуна карабастан, бирдиктүү материалдык система. Ал бирдиктүүлүк ички өз ара байланыштар, тынымсыз зат ж-а энергия алмашуунун негизинде болот. Г. к-тын айрым бир бөлүгү, мис., климаты же рельефи өзгөрсө, калган бөлүктөрү да сөзсүз өзгөрүүгө дуушар болот. Андай өзгөрүүлөр олуттуу же азыраак деӊгээлде, тез арада же кыйла убакытта болушу мүмкүн. Г. к. өзгөчө адам коомунун иш аракетинин натыйжасында кыска убакыттын ичинде эле олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ал өзгөрүүлөр көбүнчө жаныбарлар м-н өсүмдүк дүйнөсүндө, топурак кыртышында, табигый суулары м-н абанын булгануусунан даана байкалууда. Адамзат энергия алуу максатында отунду (нефть, газ, көмүр) көп колдонгондугунун натыйжасында глобалдык масштабда климаттын жылууланышы байкалууда. Бул табияттын башка компоненттерине өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт. Г. к. бүткүл адамзаттын мекени болгондуктан, анын табиятка аяр мамиле кылуу талап кылынат, ал үчүн Г. к-тын табиятын бирдиктүү система катары тереӊ изилдеп билүү зарыл. Айрым окумуштуулар (К. К. Марков, А. М. Рябчиков) Г. к-тын жогорку чегине бүткүл жер кыртышынын стратосферанын озон катмарына ж-а төмөнкү чегине жер кыртышынын таманына (Мохоровичич чеги) чейинки бөлүгүн да кийирет. Бирок, бул толугу м-н далилденген эмес, анткени стратосферадагы процесстер (мис., аба агымдары) космостук, ал эми жер кыртышынын төмөнкү бөлүгүндөгү өзгөчөлүктөр Жердин тереӊдигиндеги процесстердин таасиринен пайда болот. Г. к. – абанын, суунун, тоо тектердин, организмдердин өз ара аракеттеринин натыйжасы, ошол өз ара аракеттен пайда болгон жаӊы касиет (мис., биол. продукция). Г. к-ты изилдөөдө негизги көӊүл табият компоненттеринин өз ара аракеттерине, байланыштарына бурулат. Г. к-тын синонимдери – ландшафттык кабык, биогеосфера, эпигенема, эпигеосфера. Г. к. түшүнүгүн орус физ. Географы А. А. Григорьев 1932-ж. сунуштаган.
Ад.: Калесник С. В. Основы общего землеведения. М., 1955; его же: Общие географические закономерности Земли. М., 1971; Географический энциклопедический словарь. М., 1988; Фишер Д. Рождение Земли. М., 1990; Озима М. История Земли. М., 1983.
Т. Кулматов.