ГЕОГРАФИЯЛЫК КОНГРЕСС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК КОНГРЕ́СС – географтардын бүткүл дүйнөлүк кесиптик съезддеринин негизги формасы. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин (1914–18) түрдүү өлкөлөрдүн геогр. коомдору, ал эми 1920-жылдан эл аралык геогр. союз ж-а географтардын улуттук к-ттери тарабынан (1952-жылдан 4 жылда бир) чакырылган. Алгачкы Г. к. Антверпенде (1871), ал эми калгандары төмөнкү шаарлар м-н өлкөлөрдө өткөн: Париж (1875; 1931; 1984), Венеция (1881), Берн (1891), Лондон (1895; 1964), Берлин (1899), АКШ (1904), Женева (1908), Рим (1913), Каир (1925), Кембриж (1928), Варшава (1934), Амстердам (1938), Лиссабон (1949), Вашингтон (1952), Рио-де-Жанейро (1956), Стокгольм (1960), Дели (1968), Монреал (1972), Москва (1976), Токио (1980) ж. б.
Г. к-тин негизги милдети – ил. изилдөөлөрдүн жыйынтыктары б-ча ой бөлүшүү ж-а геогр. негизги проблемаларды биргелешип талкуулоо. Г. к-тин программасында географиянын түрдүү тармактары б-ча секциялардын жыйыны негизги орунду ээлейт. Жалпы кызыкчылыкты көздөгөн актуалдуу проблемалар б-ча докладдар пленардык чогулуштарда угулат. Г. к-тин программасына, о. эле Эл аралык геогр. союздун комиссияларынын ж-а жумушчу топторунун чогулушу да кирип, анда дүйнөгө таанымал географтардын ил.-популярдуу лекциялары окулат. Г. к. учурунда уюштуруу маселелери б-ча Эл аралык геогр. союздун Генералдык ассамблеясы өткөрүлүп, геогр. ад-ттар м-н карталардын көргөзмөлөрү уюштуралат. Конгресс учурунда конгрессти уюштурган өлкөнүн жаратылышынын, калкынын ж-а чарбасынын өзгөчөлүктөрү м-н таанышуу максатында экскурсия уюштурулуп, симпозиум өткөрүлөт. Г. к. болор алдында анда жасалчу докладдардын тезистери, өлкөнүн геогр. өнүгүү деӊгээлин чагылдырган олуттуу монографиялар ж-а макалалар жыйнагы жарыкка чыгып, конгресстин календары, экскурсия жолдомолору, конгресске катышкандардын тизмеси (дареги м-н) чыгарылат. Конгресстен кийин докладдардын тексти бүт, о. эле экскурсиялардын обзорлору жарык көрөт. Г. к-тердин аралыгында региондук геогр. конференциялар өткөрүлөт.
Н. Алымкулова.