ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК КООРДИНАТАЛАР – жер бетиндеги чекиттердин ордун аныктоочу чоӊдуктар. Алар берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы (кеӊдик), о. эле чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги м-н баштапкы меридиан тегиздигинин аралыгындагы (узундук) бурч м-н өлчөнөт. Кеӊдик м-н узундук бурчтарды өлчөөчү аспаптар (универсалдык аспап, секстант ж. б.) м-н асман телолорун (Күн, жылдыз, Ай ж. б.)

М чекитинин географиялык координаталары: кеӊдик  (MCN бурчу); узундук λ (ОCN бурчу). Р ж-а P^ – Жердин айлануу огу м-н жер бетинин кесилишкен чекиттери (географиялык уюлдар).

байкоо ж-а астр. байкоодон алынган жерг. убакытты дүйнөлүк убакыт м-н салыштыруу аркылуу аныкталат. Аныкталган Г. к. жер бетинин чекитинин астр. координаталары деп аталат. Кеӊдик экватордун эки жагына 0°тан 90°ка чейин Түн. жарым шарда оӊ, Түш. жарым шарда терс деп эсептелинет. Узундук меридиан башталышынан 0°тан 360°ка чейин чыгышка (чыгыш узундук) же батышка (батыш узундук) карай саналат. О. эле, баштапкы меридиандан 0°тан 180°ка чейин чыгышка ж-а батышка карай эсептөө системасы да колдонулат. Эл аралык келишим б-ча («биринчи», «нөлдүк») меридиан башталышы катары Гринвич (Лондон) обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан (Хёрстмонсо сепилине которулгуча) кабыл алынган. Мурда меридиан башталышы катары Иерро (Канар а-ндагы), Париж, Берлин ж-а Пулков обсерваторияларынын меридиандары колдонулуп келген. Кырг-ндын Г. к. болжол м-н 39–43° түн. кеӊдикте ж-а 70–80° чыгыш узундукта орун алган.
У. Мукамбетов