ГЕОГРАФИЯЛЫК ЛАНДШАФТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК ЛАНДША́ФТ – геогр. кабыктын аймак б-ча бөлүнүшүнүн негизги категориясы, физ. географиянын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Анда табият компоненттери ж-а жерг. чакан геосистемалар өз ара тыгыз байланышта болуп, бирдиктүү системанын бөлүктөрү катары өнүгөт. Негизги компоненттери (рельеф, климат) бирдей болгондуктан, ландшафтка мүнөздүү өсүмдүк-топурак кыртышынын тиби да, ал аймакта бир түрдүү болуп, көп учурда басымдуулук кылат. Г. л. геосистемалар иерархиясынын (баскычтарынын) бир деӊгээли; ал региондук (аймактык) ж-а локалдык (жерг.) геосистемалар бири-бирине жанашкан жерде болот, б. а. ал – региондук геосистемалардын эӊ төмөнкүсү, ошол эле учурда эӊ ири локалдык геосистема. Бир жагынан Г. л-ты жер бетинин региондук (зоналуулук-азоналуулук факторлордун таасири астында) бөлүнүшүнүн (дифференциациясынын) натыйжасы катары түшүнүлсө, ошол эле учурда аны жерг. чакан геосистемалардын өз ара аракеттеринин натыйжасында биригүүсү (интеграциясы) катары кароого болот. Г. л-тын аймагындагы жерг. чакан геосистемалар көп учурда улам кайталанган түрдө кандайдыр бир ырааттуулукта жайгашат. Негизги компоненттери, о. эле басымдуулук кылган топурак-өсүмдүктөрү бирдей болгондуктан, Г. л-ты табигый бирдейликтин (бир түрдүүлүктүн) эталону (үлгүсү) катары кароого болот. Ошондуктан Г. л. физ.-геогр. аймактык изилдөөлөрдүн негизги бирдиги, б. а. аймактарды физ.-геогр. жактан изилдөө алардын ландшафттарын үйрөнүү болуп саналат. Жерди сырткы түрүнө жараша ландшафттарга бөлүштүрүү 19-к-дан башталган. Г. л-тын биринчи ил. аныктамасы Л. С. Бергге тиешелүү (1913). Ал Г. л-ты геогр. изилдөөнүн негизги объектиси, жер бетинин түзүлүшү, климат, топурак, өсүмдүктөр ж. б. сыяктуу кубулуштардын гармониялык айкалышын көрсөтүүчү өзүнчө табигый чеги бар геогр. бирдик катары караган. Л. С. Бергден кийин бул түшүнүктү 20-кдын 30–40-жылдары Л. Г. Раменский, А. А. Григорьев, С. В. Калесник, Н. А. Солнцев, В. Б. Сочава ж. б. өөрчүткөн. Кырг-нда тоолуу ж-а түздүктүү аймактардын ландшафттарын изилдөөдө Э. К. Азыкова, Р. Р. Криницкая, С. Б. Байгуттиев, Т. Н. Кулматов, М. Кадыркулов, К. Матикеев, Б. Орозгожоев ж. б. салымын кошкон.
Ад.: Исаченко А. Г. Ландшафтоведение и физикогеографическое районирование. М., 1990.
Т. Кулматов.