ГЕОГРАФИЯЛЫК МЕЙКИНДИК
ГЕОГРАФИЯЛЫК МЕЙКИНДИК – Жердин магнит талаасынын жогорку чегинен жер кыртышынын төмөнкү чегине (мантияга) чейин созулган табигый системасы. Түшүнүктү М. М. Ермолаев (1967, 1975) негиздеген. Г. м. Негизги төрт бөлүктөн турат: 1) жакынкы космос (1500–2000 кмден 65–70 миӊ кмге чейин), анда Жердин магниттик ж-а гравитациялык талаалары м-н космостук факторлордун өз ара аракеттениши жүрөт. Натыйжада, Жердин радиациялык алкагы пайда болуп, ал жердин бетин космостон келүүчү корпускулалык радиациядан сактайт; 2) бийик атмосфера: төмөнкү чеги тропопауза, анда алгачкы космостук нурлар (протондор) экинчи нурларга (электрон ж-а мезондорго) айланат, термосферанын ысышы жүрөт, рентген, ультракызгылткөк радиациялары сиӊирилип кармалат, озон катмары пайда болот. Жалпысынан бийик атмосфера Жердеги тиричиликти космостун коркунучтуу радиациясынан сактайт; 3) геогр. катмар: тропопаузадан чөкмө тектер катмарынын (стратисфера) төмөнкү чегине чейин; бул катмарда бизге белгилүү жер бетиндеги түрдүү табигый процесстер жүрүп турат; 4) тереӊдеги жер кыртышы: стратисферанын төмөнкү чегинен мантиянын жогорку чегине (Мохоровичич чегине) чейин, ал – жердин бетинин рельефинин негизги формаларын, магмалык ж-а метаморфизмге дуушарланган тоо тектерди калыптандырган эндогендик процесстердин аренасы.
Г. м. концепциясы «дөшү» болгон жер кыртышы м-н «балка» болгон космостук таасирлердин аралыгындагы геогр. катмардын абалын аныктайт. Г. м-тин жогорку бөлүктөрү жер бетинин жаратылышын космостук түз таасирлерден коргосо, төмөнкү бөлүгү жердин ички күчтөрүнүн түз таасирлеринен сактайт. Демек, Г. м-тин четки бөлүктөрү жер бетиндеги жаратылыш процесстеринин болуу мүмкүндүгүн (өзгөчө тиричиликтин) аныктаса, геогр. катмардын өзгөчөлүктөрү алардын мейкиндикте таралышын аныктайт. Айрым ад-ттарда Г. м. геогр. катмардын чегиндеги объектилердин карым-катнаштарынын жыйындысы катары каралат.
Ад.: Ермолаев М. М. Введение в физическую географию. Л., 1975; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Филипов Е. М. Земля во власти космоса. М., 1991.
Т. Кулматов.