ГЕОГРАФИЯЛЫК УЛУУ АЧЫЛЫШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК УЛУУ АЧЫЛЫШТАР – 15-к-дын аягынан 17-к-дын жарымына чейин европ. саякатчылар жасаган геогр. ири ачылыштарды белгилөө үчүн ад-ттарда шартуу кабыл алынган термин. Европада чыгыш өлкөлөрүнө түз баруучу деӊиз жолун табуу идеясы алгачкы жолу 15-к-дын аягында жаралган; ал эми 17-кдын ортосунда деӊиз жолдорунун бири ачылып, эгерде дагы жол болсо, анын практикалык мааниси жокко эсе деген пикир пайда болгон. Чет өлкөлүк ад-ттарда бул мезгил 15-к-дын ортосунан 16-к-дын ортосуна чейинки аралыкты камтыйт. Анткени бул мезгилде маанилүү геогр. ачылыштар ургаалдуу жүрүп, Европанын ж-а бүткүл дүйнөнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген. 20-к-дын аягынан, Американын ж-а Индияга деӊиз жолунун ачылгандыгына 500 жылдыгы болгон, бирок аларды белгилөө мааракесинин алдында Г. у. а-дын тегерегинде талаш-тартыш курч жүргөн. Мис., Латын Америкасынын, Азиянын ж-а Африканын айрым өлкөлөрүнүн коомдук ишмерлери ж-а окумуштуулары «өзүлөрүнүн эзилүүсүнүн башталышын майрамдоодон» баш тартып, «жаӊы ачылган» деген терминди «маданияттардын жакындашы» же «бир маданияттан экинчи маданиятка өтүү» түшүнүктөрү м-н алмаштырууну сунуш кылган.
Г. у. а-дын болушуна бир нече себеп болгон. Европада шаарлардын өсүшү ж-а товар-акча мамилесинин өнүгүшү, алтын, күмүш ж. б. кымбат металлдардын жетишсиздиги жаӊы жерлерди, Азия өлкөлөрү м-н түз соода жолдорун таап, ал жактан пил сөөгүн, баалуу аӊ терилерин ж-а морждун азуусун, о. эле татымалдарды ж. б. алууга үмүттөнүшкөн. Европанын экономикасынын өнүгүүсү байлыктын «чордону» деп эсептелген Чыгыш өлкөлөрүнө тыгыз соода түзүү м-н байланыштырылган. 15-к-дын ортосунда Осмон империясынын басып алууларына байланыштуу Кичи Азия м-н Сирия аркылуу Чыгышка каттаган соода жолу жабылып калгандыктан, Чыгыш м-н түз байланыштыруучу деӊиз жолун табуу өтө зарыл болгон. Мында диний-саясий себептер да болгон. Византия урагандан кийин бүт Европага осмондор коркунуч туудура баштагандыктан, христиандар Чыгыштан диндештерин издей баштаган. 12-к-дан баштап пресвитер Иоанндын христиан өлкөсү ж-дө легенда пайда болгон; аны 15-к-дан христиандык Эфиопия деп эсептешкен. Европалыктар ал өлкөнү таап, аны м-н мусулмандарга каршы союз түзүп, осмондордун басып алуусун токтотууга, Константинополду бошотуп, кресттүүлөрдүн жортуулун улантып, Кудай табытын кайрып алууга умтулушкан.
Г. у. а. европ. илим м-н техниканын жетишкендиктеринин натыйжасында гана мүмкүн болгон. Ылдам жүрүүчү ж-а ийкемдүү парустуу кемелер – каравеллалар керектүү багытты ж-а кеменин ордун аныктоочу приборлор ж-а таблицалар (астролябия, компас, Региомонтан таблицасы), маалыматтарды кеӊири так чагылдырган геогр. карталар пайда болгон. 15-к-дын аягында Жер шар формасында экендиги ж-дөгү божомол да маанилүү роль ойногон. Ошол эле убакта Европада 15-к-дын ортосунда навигация ж-а жаӊы ачылган жерлер ж-дөгү маалымат наама китептер чыга баштаган.
Ал мезгилде Г. у. а-га башка өлкөлөргө караганда Испания м-н Португалия даяр эле. Аларда ыӊгайлуу порттор, байыртадан эле деӊизге байланыштуу көптөгөн салттар калыптанып, геогр. абалы Атлантика океанына чыгууга өбөлгө болгон. Португалия 13-к-дын ортосунда өзүнүн аймагында Реконкистаны (бошотуу) аяктап, 15-к-дын башталышында эле деӊиздик ири экспанцияга даяр болгон. 15-к-дын аягында Испания да деӊиз саякатына даяр эле, каратып алган Канар а-дарын башка аймактарга саякат жасоодо негизги база катары пайдаланган.
Адатта, Г. у. а-ды 2 мезгилге бөлүшөт: 1) 15-к-дын аягы – 16-к-дын ортосу – эӊ маанилүү ачылыштар жасалган мезгил; мында Португалия м-н Испания маанилүү роль ойногон; 2) 16-к-дын ортосу – 17-к-дын ортосу – Англия м-н Голландиянын геогр. ачылыштары үстөмдүк кылган мезгил. Бул мезгилдерде орус жеркезүүчүлөрү Сибирге ж-а Ы. Чыгышка саякат жасашкан.
Б и р и н ч и м е з г и л д и н башталышында португалиялыктар Африканын батыш жээгин бойлой Гвинея булуӊуна чейин жетип, каратып алган аймактарды өздөштүрө баштаган. 40 жыл бою (1460-ж. чейин) мындай саякаттарды уюштурууда деӊиз саякатчы Энрикенин ролу зор болгон. 1460–70-ж. португалиялыктардын түштүктү карай саякаты убактылуу токтогон, анткени Гвинея булуӊунун жээгиндеги байлыктарды (алтын, пил сөөгү ж. б.) өздөштүрүүгө убакыт керек эле. 1480-жылдары саякат кайра күч алган. 1482–84-ж. ж-а 1484–86-ж. (же 1487) Д. Кан баштаган 2 экспедиция түштүктү карай 2500 км жүрүп, Намиб чөлүнүн жээгине (22° түш. кеӊдик) жеткен. 1487–88-ж. Б. Диаш Африка материгинин түш. учун бурулуп өтүп, Инди океанына чыккан.
1480-жылдары Х. Колумб Чыгыш өлкөлөрүнө батыштан жол табуу долбоорун сунуш кылган. 1492–93-ж-дагы саякатында (Испаниянын желеги м-н) алгачкы жолу Атлантика океанын субтропик кеӊдиктери аркылуу кесип өтүп, Багама, Куба, Гаити а-н ачкан. Багама а-на алгачкы жолу түшкөн күн – 1492-ж. 12-октябрь – Американын расмий ачылышы деп эсептелинет. Андан кийин Колумб дагы 3 жолу (1493–96,

Х. Колумбдун Америкага жасаган 1-саякаты (Пинта,
Нинья ж-а Санта-Мария кемелери).

498–1500, 1502–04) саякат жасап, Чоӊ Антил а-н бүт, Кичи Антил а-нын көбүн, о. эле Ориноконун чатына жакын жерди, Юкатан ж. а-нан баштап, Дарьен булуӊуна чейинки жээкти ачкан. Испания м-н Португалиянын ортосундагы жаӊы ачылган жерлер б-ча келишпестикти Тордесильяс келишими (1494) жөнгө салган. Бирок, бул келишимден тышкары калган башка өлкөлөр аны четке кагып, 1497-ж. Англия Г. у. а-га кошулган: Ж. Кабот (итал. деӊиз саякатчы) Япония м-н Кытайга жетүү аракетинде – Ньюфаундленд а-н (1497) ж-а Түн. Американын жээктерин (1498) ачкан.
Кийинки ачылыштар негизинен португалиялыктардын Инди океанынын алабына, испаниялыктардын ж-а португалиялыктардын Латын Америкасына жасаган экспедицияларына байланыштуу. 1497–99-ж. Васко да Гама Батыш Европадан баштап, Түш. Африканы айланып Индияга баруучу (1498) деӊиз жолун ачкан. 1500-ж. португалиялык П. Алвариш Кабрал Индияга баратып, Бразилиянын айрым жээктерин ачкан, ошондон кийин португалиялыктар ал жерлерди колониялаштыра баштаган; ошол эле саякатта Мадагаскар а. да ачылган. Португалиялыктар Африканын чыгыш, Индиянын батыш жээктеринде бекемделип, 1509-жылкы деӊиз салгылашуусунда Египеттин каршылыгын басып, 1511-ж. Малакканы басып алган; кийин ал андан аркы саякаттарга негизги база болуп калган. 1512-ж. Молукка а-на (Татымал а-на), кийинчерээк Кытай м-н Японияга жеткен. Жаӊы Дүйнөдө испандар активдүү болгон: А. де Охеда ж-а А. Веспуччи, В. Яньес Пинсон, Д. де Лепе (1499–1500), Р. де Бастидас (1500–1502) ж. б. Түш. Американы жээктей Дарьен булуӊунан 16° түн. кеӊдикке чейин жеткен. 1509–28-ж. Юкатан ж. а-нын ж-а Мексика булуӊунун жээктерин изилдеген; 1513-ж. Х. Понсе де Леон «түбөлүк жаштык булагын» издеп жүрүп, Флорида жарым аралын ж-а Гольфстрим агымын ачкан. 1519-ж. А. Альварес де Пинеда Мексика булуӊунун түн. жээгин бүт кыдырган. 16-к-дын башталышында океандын аркы четинде табылган жер Азия эмес, мурда белгисиз жаӊы дүйнө экендиги айгинеленди. Бирок, Американын байлыктары ачыла элек болгондуктан, аны Чыгыш өлкөлөрүнө баруучу жолдогу тоскоол деп эсептешкен. 1513-ж. В. Нуньес де Бальбоа Панама мойногун кесип өтүп, Тынч океанга чыккан, аны Түш. деӊиз деп атаган. Атлантика океанын ал деӊиз м-н туташтыруучу кысыкты табуу аракетинде Д. Диас де Солис 1515–16-ж. Ла-Плата булуӊун иликтеген. Эки океанды туташтырган кысыкты Ф. Магеллан баштаган испан экспедициясы таап, андан ары океанды кесип өтүп, Филиппин ж-а Молукка а-на жетип, Х. Колумбдун батыш аркылуу Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачуу тилегин ишке ашырган. Магеллан каза тапкандан кийин анын экспедициясынын Х. С. Элькано баштаган калган мүчөлөрү Инди ж-а Атлантика океандары аркылуу Испанияга кайрылып келип, дүйнөнү биринчи жолу айланып чыккан (1519–22).
Ошол эле убакта Американы ээлеп алуу (конкиста) процесси башталган. 1517–18-ж. Ф. Эрнандес де Кордованын ж-а Х. Грихальванын экспедициялары Мексика тарапты чалгындагандан кийин, анын борб. бөлүгү – ацтектердин өлкөсү Э. Кортес тарабынан басып алынган (1519–21). 1520–30-ж. испандар (Кортес, П. де Альварадо, К. де Олид ж. б.) Мексиканын калган аймактарын, Гватемала, Гондурасты басып алып, андан ары Борб. Американы жээктей Калифорния жарым аралынан азыркы Панамага чейин жеткен. 1527–29-ж. А. де Сааведра Мексикадан Молукка а-на ж-а Кытайга чейин жетип, каршы соккон шамалдан кайра артына кайрыла албай калышкан; бирок, Адмиралтейства а-нын бир бөлүгүн, Маршалл, Каролина а-н ачкан. А. Нуньес Кавеса де Вака (1529–36), Э. де Сото (1539–42) ж-а Ф. Васкес де Коронадо (1540–42) азыркы АКШнын түш. бөлүгүн изилдешкен. 1526–35-ж. Ф. Писарро баштаган конкистадорлор инктердин Тауантинсу өлкөсүнө жетип, анын борб. бөлүгүн каратышкан. 1535–37-ж. Д. де Аль магро Перудан түштүктү карай саякат жасап, европалыктардан биринчи болуп Анд тоолорун кесип өтүп, 36° түш. кеӊдикке чейин жеткен. 1540–53-ж. П. де Вальдивия Чилини каратып алуу максатында 40°түш. кеӊдикке чейин барган. 1536–37-ж. Г. Хименес де Кесада алтынга бай Эльдорадо өлкөсүн издеп жүрүп, Колумбияны каратып алган; аны өнүккөн цивилизациялуу чибча-муисктер мекендеген. Ориноко д-нын төмөнкү ж-а жогорку агымдарын 1531–32-ж. Д. де Ордас изилдеп, ал эми Ф. де Орельяна 1541–42-ж. Амазонка аркылуу Түш. Американын эӊ жазы жерин кесип өткөн. Башка конкистадорлор Ла-Плата булуӊунан баштап, Парана ж-а Уругвай д-н изилдеген.
1520-жылдардан Г. у. а-га фр. изилдөөчүлөр катыша баштайт. 1524-ж. Ж. Верраццано Атлантикадан Тынч океанга жол издеп, Түн. Американын чыгышын жээктей түн. кеӊдиктин 34°нан 46°суна чейин жеткен; ал эми 1534–36-ж. Ж. Картье Ыйык Лаврентий булуӊун ж-а дарыясын (Оттава д-нын чатына чейин) изилдеген. Ал Улуу көлдөр ж-дөгү маалымат алгандан кийин, аны Тынч океан деп эсептеген. Ал эми Улуу көлдөр француздар тарабынан (С. Шамплейн ж. б.) ачылган.
Г. у. а-дын э к и н ч и м е з г и л и н и н башталышында Португалия м-н Испания мурда ээлеп алган зор аймакты өздөштүрүү башталгандыктан, демилге Англияга, кийинчерээк Голландияга өткөн. Буга чейин Чыгыш өлкөлөрүнө Африканы ж-а Американы айланып өткөн деӊиз жолдору ачылып, алар Португалия м-н Испаниянын көзөмөлүндө тургандыктан, Түн.-Батыш ж-а Түн.-Чыгыш жолдорун табуу аракети башталган. 1553-ж. Түн.-Чыгыш өткөөлүн табуу максатында Х. Уиллоби ж-а Р. Ченслер баштаган англ. экспедиция Россия м-н соода катнашын түзгөн. 16-к-дын аягында Түн.- Чыгыш өткөөлүн аныктоо үчүн Голландия катары м-н 3 экспедиция (1594, 1595, 1596–97) уюштурган. Анда негизги ролду В. Баренц ойногон. Бирок, голландиялыктар Жаӊы-Жер а-нан чыгышты карай өтө албай, тарыхта 1-жолу уюлдук аймакта кыштаган; андан кийин чыгышты карай саякат биротоло токтотулган. Түн.-Батыш жолду табуу максатында жөнөгөн М. Фробишер, Ж. Дейвис, Г. Гудзон, Р. Байлот, У. Баффин, Л. Фокс ж. б-лар баштаган англ. экспедициялар 1570-жылдардан 1630-жылдарга чейин Түн. Американын уюлга жакын бөлүгүнөн көптөгөн аралдарды, кысыктарды, булуӊ дарды, а. и. Гудзон булуӊун да (1610) ачкан. Бирок алар Тынч океанга өткөөлдү, о. эле алгылыктуу байлыкты таба алган эмес. 1630–40-жылдарда деӊиз саякатчылары Түн.-Батыш өткөөлү болсо да, ал соода жолу боло албайт деген тыянакка келген. Түн.-Чыгыш ж-а Түн.-Батыш жолдорун издөө натыйжасыз болсо да (алар 19–20-к-да гана ачылган), жалпысынан түндүктөгү деӊиздер ж-а жерлер б-ча көп маалыматтар чогулган, балыкка ж-а китке бай райондор табылган. Г. у. а-га англ. деӊиз каракчысы Ф. Дрейктин да салымы болгон, ал 1577–80-ж. дүйнөнү 2-жолу (Магелландан кийин) айланып чыгып, Оттуу Жер а-н Антарктидадан бөлүп туруучу кысыкты, Түн. Американын Тынч океандык жээгинин бир бөлүгүн ачкан.
Испаниялыктар 16-к-дын 2-жарымы – 17-кдын башталышында Библиядагы Офир өлкөсүн, о. эле Белгисиз Түш. Жерин (анда ал түш. кеӊ- диктердеги жетүүгө татаал зор аймак деп эсептелчү) табуу максатында Перудан Тынч океан аркылуу 3 экспедиция уюштурган. 1568-ж. Соломон а-н А. Менданья де Нейра ачкан, бирок анын узундуктарын жаӊылыш эсептеп алып, 1595-ж. аны кайра таба албай калган. 1605–07-ж. Соломон а-н издөөгө чыккан П. Фернандес де Кирос башкарган экспедиция Жаӊы Гебрид а-н ачкан; эки кемени башкарган Л. Ваэс де Торрес биринчи болуп Жаӊы Гвинея м-н Австралияны бөлүп турган кысык аркылуу өтүп, Австралияны Белгисиз Түш. Жердин тумшугу деп эсептеген. Торрестин бул ачылышы жашыруун кармалып, 18-к-да гана белгилүү болгон. М. Лопес де Легаспи баштаган экспедициянын мүчөлөрү маанилүү ачылыштарды жасап, анын негизинде Филиппинди колониялаштыруу башталган: 1565-ж. А. де Урданета түш. кеӊдиктерден айырмаланып, 40° түн. кеӊдикте соккон шамал Тынч океанды чыгышты карай сүзүп өтүүгө ыӊгайлуу шарт түзөрүн белгилеген. Натыйжада Азия м-н Американын ортосунда туруктуу катнаш түзүлгөн.
16–17-к-дын чегинде голландиялыктар португалиялыктарды Индонезиядан сүрүп чыгарган. Голландиялык В. Янсзон 1605–06-ж-гы экспедициясында Австралиянын жээгине 1-болуп жетип, аны Жаӊы Гвинеянын жээги деп эсептеген. Африканын түштүгүнөн Ява а-н карай ыӊ-гайлуу деӊиз жолун издөөдө Х. Браувер 1611-ж. мурдагы жолдон түштүгүрөөктөн ыӊгайлуу жаӊы жолду тапкан. Ал жол аркылуу голландиялыктар бир нече жолу Австралиянын батыш жээгине жетип, 1616–36-ж. анын кыйла бөлүгүн ачкан. 1642–43-ж. голландиялык А. Тасман Австралияны айланып өтүп, аны Белгисиз Түш. Жердин бөлүгү эмес экендигин аныктаган; анда кийин өзүнүн урматына аталган аралды ачкан. Бул саякатта о. эле Түн. ж-а Түш. аралдар (Жаӊы Зеландия) ачылган. А. Тасман 1644-жылдагы саякатында Австралиянын түн. жээги б-ча туташ тилкени түзгөн 5500 км аралыкты сүзүп өтүп, Австралиянын өзүнчө материк экендигин аныктаган. Бирок, аймак голландиялыктарды кызыктырган эмес, аны андан ары иликтөөнү токтоткон.
Батыш Европа өлкөлөрүнүн деӊиз саякаттарынын мезгилинде орус жер кезүүчүлөрү 16-к-дын аягында Сибирге кирип, 17-к-дын 1-жарымында Түн. Азияны кесип өтүп, Охота деӊизине жеткен. Жер кезүүчүлөр саякат учурунда Сибирдин улуу дарыяларына байкоо жүргүзүп, орус деӊиз саякатчылары Азиянын түн. жээги аркылуу сүзүп өткөн. 1648-ж. Ф. Попов – С. Дежнёвдун экспедициясы Түн. Муз океандан Беринг кысыгы аркылуу Тынч океанга өтүп, Азия эч жерде Америка м-н туташпагандыгын аныктаган. Бирок, бул ачылуу анча белгилүү болгон эмес; кийин бул саякат В. Беринг тарабынан кайталанган.
Г. у. а-дын м а а н и с и өтө зор болгон. Анын негизинде европалыктардын дүйнө жүзү ж-дө ой-пикири кыйла кеӊейген. Европалыктар жалпысынан эки дүйнө бөлүгүн – Америка м-н Австралияны ачып, бардык материктердин контурун аныктаган. Дүйнөнү айланган 1-саякаттан кийин Жер шар формасында экендиги, материктер бүт бүтүндөй бир Дүйнөлүк океан м-н чулганары, анын көптөгөн агымдары аныкталган. Жер жүзүндө кургактыкка караганда океан суусу алдаганча зор экендиги айгинеленген. Ошол эле убакта Американын, Африканын ж-а Австралиянын ички аймактары Дүйнөлүк океандын тереӊдиктери сыяктуу эле изилдене элек эле.
Г. у. а. табигый илимдерге, этнографияга, тарыхка көптөгөн жаӊы материалдарды берди. Түрдүү диндеги ж-а салттагы коомдун турмушу м-н таанышкан европалыктар дүйнө көп жактуу экендигине ынанышкан. Алтын доору ж-а Американын жерг. жашоочуларынын таза ишеними Кайра жаралуу, Реформация доорлорунун идеялары, социалдык утопия м-н үндөшкөн. Ошол эле убакта европалыктардын алыс жашаган элдер м-н баарлашуу тажрыйбасы өзүлөрүнүн тарыхый-маданий жактан бирдей экендигине ынанышкан. Алыскы өлкөлөр ж-дө жаӊы маалыматтар европ. ад-тты ж-а иск-вону байыткан.
Г. у. а. Европадагы социалдык-экон. Процесстерге таасирин тереӊ тийгизип, капиталдын алгачкы топтолуусуна шарт түзгөн. Колониялар сырьё булактары ж-а европ. товарларды сатуучу рынок болгон. Негизги соода жолдорунун Жер Ортолук деӊизден Атлантика океанына которулушу айрым өлкөлөрдүн (Италия, Түш. Германия) экономикасын төмөндөтсө, башкаларыныкын (Испания, Португалия, кийинчерээк Англия м-н Голландия) кыйла күчөткөн. Амер. баалуу металлдардын сыртка көп чыгарылышынан улам Европада алтындын айлануусу эки, күмүштүкү үч эсе көбөйгөн; натыйжада бүт Европа б-ча өтө керектүү нерселердин баасы кескин көтөрүлүп, калктын бир катмарын жакырдантып, калганын байытып жиберген. Соода байланышынын алгач Европа м-н башка дүйнө бөлүктөрүнүн, кийин Америка, Азия ж-а Африканын ортосундагы байланыштардын кеӊейиши дүйнөлүк рыноктун түзүлүшүнө алып келген. Эл аралык мамиледе негизги орунду соода жолдорун көзөмөлдөө үчүн эрегиштик, күчтөнүп жаткан өлкөлөрдүн колонияга ээ болууга умтулуусу ж-а аларды бөлүштүрүү үчүн күрөшү ээлеген. Колониялардын байлыгынын негизинде метрополиялар Европада өз позицияларын чыӊдаган. Экон. өнүгүү темпи алынып келинген байлыкты пайдалануу ыкмасына байланыштуу болгон. Натыйжада Англия м-н Голландия алдыга озуп, ал эми Испания м-н Португалия артта калган. Бирок, Г. у. а. европалыктар үчүн терс таасирин да тийгизген: колонияларга массалык эмиграциянын башталышынан Испания м-н Португалиядан өндүргүч күчтөр кете баштаган. Америкадан алынып келинген жаӊы а. ч. өсүмдүктөрү (картөшкө, жүгөрү, томат, чай, кофе, какао, гозо) европалыктардын тамак-аш рационун олуттуу өзгөрткөн. Г. у. а-да пайда болгон колониялык система дүйнөнү негизинен бириктирген, ошол эле убакта дүйнө өлкөлөрүн эки негизги топко бөлүп койгон: 1) тез байып кеткен метрополия; 2) европ. экспанциянын кыйраткыч таасиринен жапа чеккен колониялар. Г. у. а-дын ж-а колониялаштыруунун таасири Азиянын, Африканын ж-а Американын элинин тагдырына бирдей таасирин тийгизген эмес. Азияда европалыктар 18-к-га чейин стратегиялык мааниси бар пункттарга гана көзөмөл жасаган, бирок, алардын таасири акырындап кеӊейе баштаган. Португалиялыктар орноткон соода монополияларынын режими саясий ж-а диний карама-каршылыктарды күчөтүүгө ж-а колдоого негизделгендиктен, ал Алдыӊкы Азиядагы ж-а Түш. Азиядагы кырдаалга таасирин тийгизген. Европ. экспанциянын кыйраткыч таасири айрыкча Африкага тийген; андагы кул сатуу процесси көп аймакты ээн калтырып, континенттин тарыхый өнүгүү жолуна таасирин тийгизе баштаган. Латын Америкасында конкистадорлордун ырайымсыздыгы ж-а европалыктар алып келген оорулардан алгач жерг. калктын саны кескин азайып кеткен. Кийинки кыйла жакшыртылган саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында анда европалыктар м-н индейлердин белгилеринин айкалышынан бирдиктүү латын-амер. коом ж-а мад-т жаралган.
Г. у. а. диний географиядагы айрым өзгөрүүлөргө да түрткү болгон. Европ. Миссионерлердин зор масштабдагы аракетинен христиан дини Азияда, Африкада, өзгөчө Америкада, испандар м-н португалдар диний үгүт жүргүзгөн жерлерде католицизм, англистер м-н голландиялыктар жеткен жерлерде түрдүү реформациялык, көбүнчө кальвинисттик маанайдагы агымдар калыптанган. Картасы 648–649-беттерде.
Ад.: Пешель О. История эпохи открытий. 2-е изд. М., 1884; Атлас истории географических открытий и исследований. М., 1959; Харт Г. Морской путь в Индию. М., 1959; Свет Я. М. История открытия и исследования Австралии и Океании. М., 1966; Бейклесс Дж. Америка глазами первооткрывателей. М., 1969; Магидович И. П., Магидович В. И. Очерки по истории географических открытий. М., 1982–83. Т. 1–2; Три каравеллы на горизонте. М., 1991; Кофман А. Ф. Америка несбывшихся чудес. М., 2001; Рамсей Р. Открытия, которых никогда не было. СПб., 2002; Ведюшкин В. А. Великие географические открытия // БРЭ, Т. 5. М., 2006.