ГЕОГРАФИЯЛЫК ЧӨЙРӨ
ГЕОГРАФИЯЛЫК ЧӨЙРӨ – адамзаттын иш-аракетинин чөйрөсүнө кирген ж-а коомдук жашоосуна зарыл шартты түзгөн жер табияты. Г. ч. түшүнүгүн алгач Ж. Э. Реклю сунуш кылган, кийин аны Л. И. Мечников, Г. В. Плеханов, А. А. Григорьев, С. В. Калесник, Ю. Г. Саушкин, В. А. Анучин ж. б. өркүндөткөн. Ал адамзаттын жашоо-тиричилиги м-н чарбалык иш-аракетинин негизинде кандайдыр бир даражада өзгөрүүгө дуушар болсо да, коом м-н тыгыз байланышта болот. Анын төрт белгиси бар: 1) жердин коомду курчап турган бир бөлүгү; адамзат Жерден сыртка чыкса да, Г. ч-нү өзү менен кошо алып кете албайт, анткени ал башка планетада башка чөйрө м-н кездешет; 2) адамзат коомун курчап турган табигый кабык, адамсыз эле пайда болуп, анын таасирине карабай, өз алдынча Жердин геогр. кабыгындагы закон ченем м-н өнүккөн табигый комплекси. Ал эми адамзаттын ою м-н эмгегинин натыйжасында пайда болгон чөйрөнүн элементтери Г. ч-нүн курамына кирбей, коомдун техногендик чөйрөсүн (шаар, завод, электр станция ж. б.) түзүп, Г. ч. м-н тыгыз байланышта болот; 3) табият м-н коомдун бири-бири м-н өз ара аракеттенип турган аймагы, бул аймактан сырткары жаткан аймактар Г. ч-гө кирбейт, бирок ага кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн (CO2 газынын өлчөмүнүн Жер атм-сында көбөйүшү, атом куралын жардыруудан кийин радиоактивдүү жаан-чачындардын түшүшү ж. б.); 4) адам коому өз мүдөөсүнө жараша улам жаӊыдан өздөштүрүп ж-а кеӊейтип турган мейкиндиктер. Г. ч. мурдагыга караганда азыр бир топ кеӊейди. Кээ бир окумуштуулардын Г. ч-нү геогр. кабык м-н теӊөөсү негизсиз. Анткени Г. ч. адамзат коомунун өнүгүшүнө байланыштуу мейкиндик б-ча өрчүйт, ал эми геогр. кабык ордунда калат. ИТРдин (20-к-дын ортосунан) коомдун Г. ч-гө таасири планетардык деӊгээлге жеткенине байланыштуу, экол. проблемалар (чөйрөнүн булганышы, табият ресурстарынын азайышы ж. б.) кескин түрдө курч мүнөзгө ээ болду. Бул болсо өз кезегинде Г. ч-нүн сапатынын өзгөчө ресурс катары илим жагына ж-а жаӊы технологияларга салыштырмалуу жогору бааланышына алып келген. Адамзат коомуна коркунуч туудурган экол. проблемалар Г. ч-нүн терс трансформациясына байланыштуу. Ошондуктан чарбалык иштерди түп тамырынан бери өзгөртүп, туруктуу өнүгүүнүн жаӊы жолдорун издөө талап кылынат. О. Эле Г. ч-гө бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн социол. чөйрөсүндөгү жагдайсыз процесстер да терс таасирин тийгизет. Г. ч. м-н коомдун өз ара карым-катнашын гармониялаштыруу – адамзаттын глобалдык проблемаларынын бири. Келечекте, Г. ч. бүткүл геогр. кабыкты ээлеп, Жерден айрылбай анын чегинен сырткары аймакты ээлеши да ыктымал. Геогр. кабык адамзат коомунун Г. ч-сү болуп, геол. акыркы мезгилде (алгачкы палеолит) таанылган. Геогр. эмгектерде Г. ч-нүн өзүнө адамзат коомун (эмгек куралдары, адам колунан жаралган буюмдар ж-а объектилер ж. б.) кошкон учурлар да болгон. Г. ч. – коомду өнүктүрүүнүн туруктуу ж-а зарыл шарттарынын бири. Ал коомдун өнүгүшүн акырындатып же ылдамдатып коюшу мүмкүн, бирок коомдук прогресстин чечүүчү фактору боло албайт. Себеби табият м-н коомдун өзгөрүшүнүн өзгөчө закондору бирдей болгону м-н, өзгөрүүнүн темпи түрдүү келет.
Ад.: Иванов-Омский И. И. Исторический материализм о роли географической среды в развитии общества. М.,1950; Саушкин Ю. Г. Географическая среда человеческого общества. М., 1963; Данилов-Данильян В. И., Горшков В. Г. Окружающая среда между прошлым и будущим: мир и Россия. М., 1994.
М. Кадыркулов.