ГЕОДЕЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕ́ЗИЯ (гео... ж-а гр. daio – бөлөмүн, бөлүштүрөм) – Жердин кебетесин (формасын), өлчөмүн, гравитация талаасын аныктоочу ж-а анын бетин планга же картага түшүрүү үчүн жер бетиндеги ченөө жумуштарын жүргүзүү жолдорун изилдөөчү илим. Азыркы Г. – жогорку Г., космостук Г., астрон. Г., топограф., инж. ж-а деӊиздик Г. болуп бөлүнөт. Ж о г о р к у Г. негизинен Жер өлчөмүн, турпатын, формасын ж-а анын гравитациялык талаасын, о. эле Г. тирек пункттардын торун түзүү ыкмаларын ж-а теорияларын изилдейт. К о с м о с т у к Г. негизинен асман телолору, орбиталардын кыймылын, жердин гравитациялык талаасынын параметрлерин ж-а алардын убакыт аралык өзгөрүүсүн, геодинамикалык процесстерин изилдейт ж-а геод. спутниктердин, о. эле байкоо жүргүзүүчү станциялардын жардамы м-н жүргүзөт. А с т р о н о м и я л ы к Г. Жер бетинин геод. пунктарынын торчолорун түзүү м-н бирге долбоорлоп, гравитациялык талаасын, турпатын (фигурасын) изилдөөдө астрон. координаталардын ж-а багыт азимутунун ыкмаларын колдонот. Г е о д е з и я (жөн эле Г.) план ж-а карта түзүү үчүн жер бетинде ченөө жумуштарын жүргүзүүнүн методикасын ж-а техникасын иштеп чыгат. Бул жумуштардын жыйындысы – топографиялык сүрөттөө, ага байланыштуу Г-нын бөлүгү топография деп аталат. Топографиялык сүрөттөөлөр түздөн-түз жер бетинде ченөө ж-а учуучу аппараттардын жардамы м-н

жер бетинин аймактарын сүрөткө тартуу (к. Аэросъёмка) аркылуу жүргүзүлөт. Натыйжада жер бетиндеги аймактардын топографиялык карталары түзүлөт. Гидротехникалык, өнөр жайлык ж. б. ири курулуштарды долбоорлоо, куруу ж-а аларды пайдаланууда колдонулуучу Г. жумуштардын ыкмаларын Г-нын бир тармагы – и н ж е н е р д и к (колдонмо) Г. Иштеп чыгат. Д е ӊ и з Г. Дүйнөлүк океанда геод. иштерди жүргүзөт, негизги максаты: жер бетинин деӊиз түптөрүндөгү бөлүгүнүн тектон. түзүлүшүн чагылдырган батиметриялык карталарды түзүү; ар кандай инж. иштерди океан, деӊиз мейкиндиктериндеги чек араларды аныктоо ж. б. деӊиздик тирек торчолорун, жалпы Г-лык ж-а атайын максаттагы айрым пунктарды түзүү.
Г. байыркы заманда эле чарбачылыкта жер ченөө, план ж-а карта түзүү муктаждыгынан келип чыккан. Б. з. ч. 7-к-да Вавилония м-н Ассирияда чопо такталарга сызылган геогр. карталар жасалган. Б. з. ч. 6–4-к-да Жер шар сымал экендиги ж-дө болжоолор айтылган. Б. з. ч. 3-к-да Египетте грек окумуштуусу Эратосфен градустук өлчөөлөрдүн жардамы м-н Жер шарынын радиусун 1-жолу аныктаган. Азыркы Г. ж-а анын талаптарына өтө жакындашкан Г-лык жумуштар 17-к-дан өнүгө баштаган. Бул мезгилде дүрбү ж-а триангуляция ыкмасы Г-нын өнүгүшүнө көмөк берген. 17-к-да И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан ж-а Жер шар сымал эмес, айлануу огунун багытында жалпайган сфероид же эллипсоид түрүндө экенин далилдеген. Россияда Г. жумуштары 11- к-да башталган. 1701-ж. Москвада Россиядагы алгачкы астр. обсерватория ж-а математиктер, астрономдор м-н географтарды даярдоочу матем. ж-а навигациялык илимдердин мектеби уюштурулган. Россиядагы алгачкы топографиялык сүрөттөөлөр 17-к-дын аягы – 18-к-дын башталышында жүргүзүлгөн. 19-к-да В. Я. Струве ж-а геодезист К. П. Теннер меридиан жаасынын 3000 кмге чейинки (Түн. Муз океандан Дунайга чейинки) аралыгын аныктаган. Натыйжада Г-нын тармактык 265 пункту түзүлгөн. Г-лык иштерди кийинчерээк орус окумуштуулары Ф. Н. Красов, А. А. Михайлов, Н. А. Урмаев ж. б. уланткан. Б. з. ч. 4-к-да «Г.» термини Аристотелдин эмгектеринде кездешет. Г-нын маалыматтары астрономия, геология, геофизика, космонавтика ж. б. илимдерде ж-а эл чарбасында колдонулат.
Ад.: Хаимов З. С. Основы высшей геодезии. М., 1984; Крылов В. И. Космическая геодезия. М., 2002; Кузнецов П. Н. Геодезия. М., 2002. Ч. 1; Инженерная геодезия/Под ред. Д. Ш. Михелева. 4-е изд. М., 2004.