ГЕОИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕО́ИД (гео... ж-а гр. еidos – көрүнүшү) – Жердин океан ж-а деӊиздин (толкунсуз, агымсыз, ташкынсыз ж. б.) деӊгээл бети м-н чектелип, ал беттин уландысы материктер аркылуу көӊүлдө гана болжолдоп жүргүзүлгөн мейкиндик конфигурациялык турпаты (фигурасы). Ал Жердин тегизделген турпаты катары кабыл алынган (к. схема). Г-дин бети – оордук күчүнүн потенциалынын деӊгээли көрсөткөн беттердин бири. Ал материктердин алды б-ча божомолдуу түрдө созулуп, оордук күчүнө бардык жактан перпендикуляр болгон туюк фигураны пайда кылат. Г-дин бети жердин физ. бетине караганда жылмакай келет. Анткени физ. бетте тоолор ж-а океан кобулдары байкалат. Г. ж-дө түшүнүк

Жердин фигурасын планета катары караган көптөгөн көз караштардын натыйжасында куралган. Бул терминди 1873-ж. И. Листинг сунуштаган. Г-ден нивелирдик бийиктиктер өлчөнөт. Г-дин чегинүүсүнүн орт. чоӊдугу жакшы андалган жер сфероидине салыштырмалуу ±50 мди, ал эми максималдуу чегинүүсү Жер кыртышына ж-а жогорку мантиянын калыӊдыгы м-н тыгыздыгына байланыштуу ± 100 мди (200 мден ашпайт) түзөт. Г-ди изилдөө – геодезиянын максаттарынын бири. Г-дин формасы Жердин жасалма спутниктеринин жардамы аркылуу аныкталган. Азыркы геодезияда М. С. Молоденскийдин теориясына ылайык Г. квазигеоид м-н алмаштырылган; ал Г-ден бир аз гана айырмаланат; бирок анын аныктамасы Жердин ички түзүлүшү б-ча түшүнүктү талап кылбайт.
У. Мукамбетов.