ГЕОКРИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОКРИОЛО́ГИЯ (гео... ж-а криология), т о ӊ т а а н у у – жер кыртышындагы тоӊ катмарынын түзүлүшүн, курамын, касиетин, пайда болуу себептерин, таралышын ж-а өөрчүү тарыхын, о. эле анын тоӊуусуна ж-а эрүүсүнө байланыштуу процесстерди (геофиз., физ.-геол., геоморфол. ж. б.) изилдөөчү илим. Г. геол. илимдерге кирет. Ал курулуш, транспорт, айыл чарба ж. б. багыттар б-ча иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу тоӊ процесстерине таасир этүү ыкмаларын иштеп чыгат. Ага байланыштуу Г-нын эки багыты калыптанууда – жалпы ж-а инж. Г. Тоӊ таануу 20-к-дын 20-жылдарынан баштап геологиянын, географиянын, геофизиканын ж-а инж.-тех. илимдердин чегинде пайда болгон. Илимдин калыптануусуна орус илимпозу М. И. Сумгин зор салым кошкон. Изилдөөсүндө геол., геофиз., геогр. илимдердин экспедициялык ж-а камералык, физ., физ.-хим. лабор., математиканын ыкмалары пайдаланылат. Г-га байланыштуу көптөгөн ил. эмгектер жарык көрүүдө.
Ад.: Ершов Э. Д. Общая геокриология. М., 2002; Хрусталев Л. Н. Основы геотехники в криолитозоне. М., 2005.