ВЕРТИКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́ЕРТИКОВ Алексей Георгиевич [3. 3. 1922, РСФСР, Орлов губерниясы, Ливен уезди, Гниловод кыш. (азыркы Гниловод, Измалков р-ну, Липец обл.) – 1.4.1980, СССР, Кыргыз ССРи, Москва р-ну, Полтавка айылы (азыркы Чүй обл. Москва р-ну, Беловодск айылы] – Даӊк орденинин толук кавалери. 1939-ж. ата-энеси м-н бирге Кыргызстанга көчүп келген, Беловодское айылында жашап, ал булгаары заводунда иштеген. 1942-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылган. Ал Алматы ш-ндагы жаш жоокерлердин курсун бүтүргөн, андан кийин кенже командирлердин артиллериялык мектебинде окуган. 1942-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Борб., Брянск ж-а 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. 1944-жылдын башында 4-гвардиялык атчандар дивизиясынын 11-гвардиялык Кызыл Туулуу атчандар полкунун 45 мм мылтыктын экипажын башкарган. 1944-жылдын январь айынын аягында Остражанка ж-а Качуры кыш-тары үчүн болгон салгылашууларда В-дун отряды 2 миномётту, ок-дары м-н 3 вагонду, ашкананы ж-а 20дай душманды замбирек м-н жок кылып, Кызыл Жылдыз орденине ээ болгон. 1944-жылдын 27-июлунда Польшанын Владава ш-н бошотууда өз экипажы м-н 3 пулемёт ж-а душмандын 10дон ашык солдатын жарактан чыгарып, аткычтар бөлүктөрүнүн ийгиликтүү алга жылышын камсыздоо м-н 3-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 27-январында Залесично жериндеги салгылашууда В-дун гвардиясынын экипажы контр чабуулдун мизин кайтарып жатып, 5 атуу пунктун ж-а душмандын 20дай солдаты м-н офицерин жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени. 1945-жылдын 30-апрелинде Эркнер ш-н алуудагы салгылашууда В-дун түз ок м-н атуудагы эрдиги үчүн 1946-жылдын 15-майында 1-даражадагы Даңк ордени м-н сыйланган. Ал Жеңиш майрамын Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Германиянын Штральзунд ш-нда тосуп алган. 1947-ж. демобилизацияланып, Кыргызстанга кайтып келген. Кара-Балта ш-нда, андан кийин Москва р-нунун Полтавка айылында жашаган.