ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ, г е о л о г и я л ы к с ъ ё м к а – геол. карталарды түзүү ж-а кен байлыктарды табуу максатында жүргүзүлүүчү геол. изилдөө жумуштары. Г. к. т-дө кезеги м-н төмөнкүдөй жумуштар аткарылат. Адегенде д а я р д ы к к ө р ү ү – мурдагы геол. маалыматтар м-н таанышуу ж-а керек материалдарды (топогр. карта, аэрофотосүрөт ж. б.) даярдоо; т а л а а ж у м у ш т а р ы – жер бетиндеги тоо тектер жаткан жеринде тикелей же ар кандай казындылардын жардамы м-н түзүлүшү, калыӊдыгы, курамы ж. б. изилденип, алардын таралуу чектерин топогр. картага түшүрүү, аны м-н бирге түрдүү тоо тектердин, минералдардын ж-а ташка айланган байыркы жандык м-н өсүмдүк калдыктарынын үлгүлөрүн жыйнап, кендерден сынамык алуу; калаа (камералдык) иштерин аткаруу – талаада чогултулган геол. материалдарды жыйынтыктоо, сынамыктарды лабор. ар түрдүү анализден өткөрүү, геол. картаны толуктап, анын тиркемелерин ж-а кошумча карталарын түзүү, түшүндүрмө жазуу. Геол. изилдөөлөрдүн тактыгы жүргүзүлгөн Г. к. т. масштабына жараша чакан (1:1000 000, 1:500 000), орто (1:200 000–1:100 000), ири масштабдагы (1:50 000–1:25 000) ж-а дыкат болуп бөлүнөт. Г. к. т-дө геофизика, геохимия, геоморфология илимдеринин ыкмалары ж-а бургулоо жумуштары, о. эле лабор. анализ, аэросүрөттөрдү талдоо ж. б. кеӊири колдонулат.