ГЕОЛОГИЯЛЫК МЕЗГИЛ
ГЕОЛОГИЯЛЫК МЕЗГИЛ – геологиялык системаны түзүүчү тоо тек катмарларынын пайда болушуна кеткен убакыт бирдиги. Геол. замандын бир бөлүгүн түзүп, бир нече геол. доорго бөлүнөт. Г. м-дин узактыгы ар түрдүү. Мис., кембрийде 70, силурда 30, девондо 60, палеогенде 42 млн жыл, ал эми антропоген мезгилинин узактыгы 600 миӊ – 3,5 млн жыл деп эсептелет. Г. м-дин аты геол. системанын аты м-н бирдей аталат (мис., силур системасы – силур мезгили ж. б.).