ГЕОМЕТРИЯЛЫК ТҮЗҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОМЕТРИЯЛЫК ТҮЗҮҮ – геом. айрым маселелерди түрдүү аспаптардын (сызгыч, цуркуль ж. б.) жардамы м-н чыгаруу. Г. т. белгилүү шарттарды канааттандыруучу фигураларды (түз сызык, көп бурчтук, айлана ж. б.) түзүү маселелерин карайт. Эгерде изделип жаткан чекиттин координаталарын чектүү сандагы кошуу, көбөйтүү, бөлүү ж-а тамырдан чыгаруу амалдарын камтыган туюнтмалар аркылуу жазууга мүмкүн болсо, Г. т-гө берилген маселе циркуль ж-а сызгычтын жардамы м-н чыгарылат. Циркуль ж-а сызгычтын жардамы м-н чыгарылуучу түзүүгө берилген маселе бир гана циркуль, сызгыч м-н чыгарылышы мүмкүн. Г. т. айрыкча чийме геометриясында кеӊири колдонулат. Мис., сызгыч м-н тик бурчтуу үч бурчтук түзүү.