ГЕОМОРФОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОМОРФОЛО́ГИЯ (гео... ж-а морфология) – жер бетинин тарыхый жол м-н калыптанган рельефин, о. эле Ай бетинин ж-а Күн системасына кирген айрым планеталардын бетинин рельефин изилдеген илим. Ал география ж-а геология илимдердин курамына кирет. Г. кургактыктын ж-а деӊиз таманынын рельефинин сырткы турпатын (морфография, морфометрия), рельефтин тигил же бул формаларынын пайда болуусун, жашын, түзүлүү, өнүгүү ж-а таралуу өзгөчөлүктөрүн; эндогендик ж-а экзогендик процесстердин (генезистик Г.) таасирин; о. эле рельефтин түзүлүшүнө антропогендик факторлордун таасирин изилдейт. Г-нын негизги ыкмалары: талаа шартында экспедициялык изилдөө ж-а Г-лык съёмка (жалпы ж-а атайын Г-лык карталарды түзүүгө негиз болгон), Г-лык процесстерди изилдөө үчүн стационардык ж-а эксперименттик изилдөөлөр; рельефти аэрофотосъёмка ж-а космостук съёмка м-н изилдөө; океан, деӊиз тамандарын эхолот м-н изилдөө; матем. анализ ж. б. Г. жалпы (рельеф пайда кылуучу бардык комплексти камтыган), жекече (конкреттүү маселени чечүү үчүн бир же бир нече көрсөткүч б-ча рельефти изилдөө), региондук (жердин тигил же бул регионунун рельефин изилдөөчү) болуп бөлүнөт. Г-нын структуралык Г., климаттык Г., деӊиз Г-сы, динамикалык Г., колдонмо Г. (инж., чалгындоо), о. эле палеогеоморфология тармактары бар. Г. гляциология, төртүнчүлүк доор геологиясы, тектоника (неотектоника), вулканология, спелеология, карст таануу ж. б. м-н тыгыз байланышта. Г-лык маалыматтар кен издөөдө, жолдорду ж-а курулуштарды долбоорлоодо, эрозия, дефляция, көчкү, сел, кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар м-н күрөшүү ыкмаларын иликтөөдө колдонулат. Г. өзүнчө илим катары 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында эки Г-лык мектеп (амер. ж-а европ.) калыптанган. Ага негиз салгандар: У. М. Дейвис, Ф. Рихтгофен, А. Пенк м-н В. Пенк ж. б. У. Дейвистин геогр. цикл ж-дөгү окуусу, В. Пенктин «Капталдардын морфологиялык анализи» Г-да жаӊы багыт ачты. Ал эми П. П. Семёнов-Тян-Шанский, П. А. Кропоткин, В. В. Докучаев, И. В. Мушкетов, В. А. Обручев, И. С. Щукин, Я. С. Эдельштейн, И. П. Герасимов, К. К. Марков, Ю. А. Мещеряков ж. б. илимпоздор Г-га чоӊ салым кошту. Кырг-нда Г-лык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү ж-а өнүгүүсү тууралуу бай материал топтолуп, анализге алынды.
Ад.: Щукин И. С. Геоморфология Средней Азии. М., 1983; Панов Д. Г. Общая геоморфология. М., 1966; Удинцев Г. Б. Рельеф и строение дна океанов. М., 1987; Лукашов А. А. Рельеф планетных тел. Введение в сравнительную геоморфологию. М., 1996; Рычагов Г. И. Общая геоморфология. М., 2006.
Э. Султаналиев.