ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ
ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ – жер кыртышындагы тоо тектердин темп-расынын туруктуу деӊгээлден баштап, тереӊдеген сайын 1°С жогорулаган аралык (м). Г. б. чоӊдугу, жер кыртышындагы ар башка жерлер м-н ар башка тереӊдиктерде 5 мден 150 мге чейин өзгөрөт. Орточо чоӊдугу 33 мге барабар кабыл алынып, ал чөкмө тектердеги нормалдуу жылуулук агымды мүнөздөйт. Өтө тереӊдиктерде басым чоӊойгон сайын жылуулук өткөргүчтүктүн да жогорулашына байланыштуу темп-ранын өсүшү же басаӊдашы болжолдонот.