ГЕОТЕРМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОТЕ́РМИЯ (гео… ж-а гр. thtrme – жылуулук) – геофизика илиминин Жердин ички жылуулук абалына ж-а жылуулук тарыхын изилдөөчү тармагы. Күн нурунун жылуулугу жер кыртышынын үстүнкү катмарына гана өтөт. Бирок, улам тереӊдеген сайын темп-ра ар бир 100 мде 3°ка көтөрүлөт. Бул жер астында жылуулук булагы бар экенин айгинелейт. Түрдүү байкоолор б-ча Жердин борборунун темп-расы 2000–5000°Сден ашпайт. Улам тереӊдеген сайын темп-ра көтөрүлүп, ошол себептүү Жердин тереӊ катмарларынан өйдө багытталган жылуулук агымы пайда болот. Ал агымдын көлөмү темп-ранын градиент м-н тоо тектеринин жылуулук өткөргүчтүгүнө түз пропорциялаш болуп, жылына жер бетинин ар бир см2де 30–60 ккал жылуулук топтолот. Бул Жердин Күндөн алган жылуулугунан 4 миӊ эсе аз. Ошондуктан жер астынан келген жылуулук климатка таасир этпейт. Жердин жылуулугун ченөө үчүн сымап ж-а электр термометрлери колдонулуп, алар көзөнөкчөнүн ичине коюлат. Тоо тектеринин жылуулук өткөргүчтүгү өтө төмөн, ошон үчүн жер астындагы жылуулукту энергия булагы катары пайдалануу кыйынга турат. Г-лык изилдөөлөрдүн геофизиканын теориялык маселелерин чечүүдө чоӊ мааниси бар (мис., тектон. гипотезаларды түзүүдө ж-а баамдоодо).
Ад.: Любимова Е. А. Термика Земли и Луны. М., 1968; Теркот Д., Шуберт Ж. Геодинамика: геологические приложения физики сплошных сред. В 2 ч. М., 1983; Хуторской М. Д. Введение в геотермию. М., 1996.