ГЕОТЕХНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОТЕХНОЛО́ГИЯ – кенди жаткан жеринен эле иштетүүнүн хим., физ.-хим., биохим. ж-а микробиол. ыкмалары. Көмүрдү жер астында газга айландыруу, күкүрт эритип алуу, жер астындагы ысык суулардан минерал заттарды бөлүп алуу, нефтини жылуулук аркылуу чыгаруу ж. б. ыкмалар Г-га мисал боло алат. Дүйнөдө казып алынуучу күкүрттүн 2/3ге жакыны жер астындагы кен чыккан жердин өзүндө өтө ысык суу м-н эритип алынат. Ушул ыкма м-н алынган күкүрттүн сапаты да жогору (99,99%) болот. Өзүлөрү 80–90°Сде эрий турган асфальт, бура, озокерит ж. б. минералдарды да ушул ыкма м-н алууга болот. Калий тузу жаткан жеринде эритилип, сордурулуп чыгарылган эритме буулантуу аркылуу алынат. Г. запасы анчалык көп болбогон кенташтарды казып алууга, чачыранды элементтерди алууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.