ГЕОФИЗИКАЛЫК КЕН ЧАЛГЫНДОО ЫКМАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОФИЗИКАЛЫК КЕН ЧАЛГЫНДОО ЫКМАЛАРЫ – кен издөө ж-а чалгындоо максатында жер кыртышынын түзүлүшүн физ. ыкмалар м-н изилдөө. Алар Жердин гравитация, магнит, электр талааларын, жылуулук, ядролук нурлануусунун ж-а серпилгич толкундун таралуусун изилдөөгө негизделген. Алынган маалыматтар кендин жайгашкан орду, геол. структурасы ж. б. мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн колдонулат. Бул ыкмалар бир нече түргө бөлүнөт. Г р а в и м е т р и я л ы к ч а л г ы н д о о Жердин оордук күч талаасынын бөлүнүшүн аныктоого негизделген. М а г н и т т и к ч а л г ы н д о о Жердин табигый магнит талаасын изилдейт. Жердин кайсы чекитинде болбосун, магнит күчүн байкоого мүмкүн. Магниттик күчтүн нормалдуу шарттан кыйшаюусу өзгөчө темир аралашмасы бар тоо тектерде өтө чоӊ болот. С е й с м д и к ч а л г ы н д о о д о жарылуучу заттар (тротил ж. б.) колдонулуп, серпилгич толкун талаасы изилденет. Серпилгич толкундар тоо тектердин төмөнкү катмарларына жетип, геом. оптиканын мыйзамы б-ча кайра жердин үстүн көздөй чагылат. Серпилгич толкундардын жерге таралышы ж-а кайра чагылышы атайын аспаптардын жардамы м-н аныкталат. Э л е к т р д и к ч а л г ы н д о о Жердеги табигый электр тогунун же жасалма жол м-н пайда болгон электр тогунун талаасын аныктоонун негизинде жүргүзүлөт. Т о л к у н (радиотолкун) ы к м а л а р ы өтө ылдам өзгөрүлүүчү электр магнит талааларынын жардамы м-н жүргүзүлөт. Толкун ыкмалары тоо тектердин, кен байлыктардын электр-магнит толкундарын өткөргүчтүүлүгүнө ж-а ал толкундардын кайра чагылышына негизделген. Р а д и о м е т р д и к ы к м а – радиоактивдүү заттардын таасиринен газдардын иондошуу кубулушун изилдейт. Бул ыкмалар Кырг-нда кеӊири колдонулуп, алардын жардамы м-н көптөгөн кендер ачылган. Аталган ыкмалардан тышкары чалгындоо геология, геохимия, геотектоника, стратиграфия ж-а минералогия илимдери м-н да тыгыз байланыштуу. 18-к-да алгачкы жолу тажрыйбалык геологияда Г. к. ч. ы-н колдонуу негиздүү экенин М. В. Ломоносов. К. Гаусс, Ш. Кулон ж. б. тарабынан айтылган. 19-к-дын аягында Л. фон. Этвли кен байлыктарды чалгындоо үчүн гравитациялык вариометрди ойлоп тапкан. 1906–16-ж. туӊгуч ирет Д. В. Голубятник нефть көзөнөктөрүндө темп-ралык ченөөлөрдү жүргүзгөн. Ошол эле жылдары Б. Б. Галицын электр-динамикалык сейсмографты констр-лап ишке киргизген.
Ад.: Соколов К. П. Геофизические методы разведки. М., 1966; Хмелевской В. К. Геофизические методы сследования земной коры. Дубна, 1997–1999. Кн. 1–2.