ГЕОХИМИЯ
ГЕОХИ́МИЯ (гео... ж-а химия) – Жердин хим. курамы, андагы хим. элементтердин ж-а алардын туруктуу изотопторунун таралышы ар түрдүү геосфераларда хим. элементтердин табигый процесстерде кошулуу, топтолуу же орун которуу закон ченеми ж-дөгү илим. Г. – космохимиянын бир бөлүгү. Элементтер жер кыртышында көбүнчө хим. бирикмелерди түзүп, катуу тоо тек ж-а минералдар түрүндө жолугат. Булардын кристаллдык торчосунда атомдордун (иондордун) жайгашуу тартиптери ж-а жалпы эле элементтердин жаратылышта таралышы Г-лык процесстерде чоӊ роль ойнойт. Ошондуктан Г. биринчи иретте кристалл заттардын ж-а аларды түзгөн атомдордун негизги касиеттерине таянат. Жаратылыштагы геохим. процесстер өз энергиясы, параметрлери (Р, t, Eh, рН) ж. б. б-ча ар кандай болгондуктан, анда катышкан атомдордун «жүрүш-турушу» да ар түрдүү. Аларга жансыз жаратылыштын көп факторлору ж-а тирүү организмдер да таасир тийгизет. Мына ушуларды изилдөө – жалпы Г. илиминин башкы проблемалары. Г. теориялык Г., биогеохимия, изотоптордун Г-сы, кристаллдык хим., радиогеология, физ. Г., топогеохимия ж. б. болуп бир нече тармакка бөлүнөт. Алардын ичинен 1) а й м а к т ы к Г. айрым аймактарда хим. элементтердин таркалуу өзгөчөлүгүн, ошол жердин геологиясына байланышын ж-а анын металлогениясына жараша кендердин кээ бир гана түрлөрүнүн пaйда болуп калуу шарттарын изилдейт; 2) а й р ы м э л е м е н т т е р д и н Г-сы ар бир хим. элементтин жер кыртышында таралуу, топтолуу закон ченемин, физ.-хим. ж-а кристалл хим. касиетин, кларкын, геохим. цикл м-н процесстердеги өзгөчөлүктөрүн, башка элементтер м-н өз ара байланышын, минералдарын, кендерин ж-а алардын өнөр жайда колдонулушун изилдейт.
Г-нын ил.-теор. мааниси – Жердин хим. эволюциясын аныктап, анын пайда болуш ж-а өнүгүш тарыхынын хим. негизин билүү, айрым геосфераларга бөлүнүш себептерин ачуу. Анын практикалык мааниси да зор. Хим. элементтердин жер катмарларында топтолуу жолдорун аныктоо м-н металл кендеринин келип чыгышынын физ.-хим. шарттарын ачат ж-а алардын негизинде кен издөөнүн так геохим. ыкмаларын берет. Элемент иондорунун кристалл торчодо жайгашуусун изилдөө минералдык сырьёнун жаӊы түрлөрүн, технологиянын жаӊы жолдорун ачат.
Г. – геология, физика ж-а химиянын чектериндеги илим ж-а алар м-н тыгыз байланышта. О. эле ал aстp. физика, геофизика, космохимия, биология, география ж. б. табият ж-дөгү көп илимдер м-н да тыгыз байланышта. Г. өзү м-н байланыштагы илимдердин изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Жер катмарындагы тоо тектердин курамын аныктоодо эӊ оболу геол. ж-а минералогиялык, андан кийин так анализдик хим., физ. (спектр, рентген, ядро анализдери) ж-а матем. ыкмалар пайдаланылат. Г-нын өзүнүн ыкмалары – элементтердин геохим. таблицаларын, диаграммаларды, профилдерди, карталарды түзүү; кларк концентрациясын, чачыроо ореолдорун аныктоо; термобарогеохим. ж-а геохимиялык кен издөө ыкмалары. Анын эӊ негизги ж-а келечектүү ыкмасы – геохим. эксперименттер ж-а геохим. процесстерди моделдештирүү.
Г. атом ж-дөгү окуунун негизинде келип чыккан. Терминди илимге 1838-ж. швед химиги К. Ф. Шёнбейн киргизген. Өзүнчө илим катары 20-к-да өнүктү. Анын өнүгүшүнө В. И. Вернадский, А. Е. Ферсман, А. П. Виноградов, Д. И. Щербаков, Н. М. Страхов, А. А. Сауков ж. б. (СССРде), Ф. У. Кларк (Америка) ж-а В. М. Гольдшмидттин (Норвегия) эмгектери чоӊ роль ойногон. Азыркы учурда тоо тектер м-н минералдардын радиоактивдүүлүгүн, изотоптордун Г-сын ж-а мантиянын, Айдын геохим. өзгөчөлүгүн ж. б. изилдөөлөр айрыкча өнүгүүдө. Россияда Г. изилдөөлөр негизинен Н. С. Кypнaков атн. Жалпы ж-а орг. эмес хим. ин-тундa жүргүзүлөт. Кырг-ндын аймагынын геохимиясын изилдөөдө Д. И. Щербаков, А. А. Сауков, М. М. Адышев, С. Д. Туровский, В. Т. Сургай ж. б-дын кошкон салымдары зор.
Aд.: Вернадский В. И. Труды по геохимии. М., 1994; Виноградов А. П. Геохимия редких и рассеянных химических элементов в почвах. 2-е изд. М., 1957; Щербина В. В. Oснoвы геохимии. М., 1972; Сауков А. А. Геохимия. 4-е изд., М., 1975; Перельман А. И. Геохимия. М., 1989; Сургай В. T. Геохимические исследования в Киргизии//Вестник АН CCCP, 1963, ¹ 1; Галимов Э. М. Геохимия//Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006.