ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗА
ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИ́ЗА – курулушта, о. эле кандайдыр бир ишкананын ж-а мекеменин иштөө процессинде боло турган экол. Бузулуу кесепетинин адис же адистер тобу тарабынан иликтениши ж-а бааланышы. Г. э. божомолдонгон маалыматтарды бири-бирине салыштыруу аркылуу ишкананын отурукташкан калкка, айлана-чөйрөгө, башка ишканаларга (айлана-чөйрө аркылуу) тийгизе турган таасирин аныктоо м-н жүзөгө ашырылат. Г. э. адатта төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: табият шартына баа берүүнү; ишканалардын адамзаттын жашоо шартына, табигый ресурстарына, башка ишканаларга таасирин анализдөөнү; ченем (нормативдик) базасына ылайык ишкананы куруунун ж-а пайдалануунун экон., экол. ж-а социал. натыйжалуулугун аныктоону; курулуштун түрдүү варианттарын анализдөөнү. Г. э. мамл., ведомстволук ж-а коомдук болуп бөлүнөт; о. эле к. Экологиялык экспертиза.
А. Козубекова.