ВЕСЕЛОВСКИЙ
ВЕСЕЛ́ОВСКИЙ Николай Иванович (12.11.1848, Москва – 12.4.1918, Санкт-Петербург) – орус чыгыш таануучусу, тарыхчы, этнограф, археолог. 1873-ж. Санкт-Петербург ун-тинин чыгыш тилдери ф-тин бүтүргөн. 1890-жылдан Санкт-Петербург ун-тинин проф. Санкт-Петербург ИАнын (1917) ж-а Россия ИАнын корр. мүчөсү (1917), Орус археол. коомунун мүчөсү болуп шайланган. В. В. Григорьевдин окуучусу ж-а анын ишин улантуучусу болгон. О. Азиянын тарыхын, археологиясын, этнографиясын изилдеген. В. СССРдин Европа бөлүгүндө ж-а Сибирь, Монголия талааларында кездешкен балбал таштар түрк урууларынын мад-тына таандык экендигин далилдеген. Ал алгачкылардан болуп О. Азиядагы байыркы шаарларда, а. и. Афрасиабда казуу, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын эмгектеринде О. Азия, Алтын Ордо тарыхы, Кара деӊиз жээгиндеги хунндар, сактар тууралуу маанилүү даректер камтылган. Ал казак элинин тунгуч окумуштуусу Ч. Валихановдун бир томдук чыгармалар жыйнагынын редактору ж-а анын жарыкка чыгышына (1904) түздөн-түз салымын кошкон. Чыг.: Очерк историко-географических сведений о Хивинском ханстве от древнейших времён до настоящего. СПб., 1877; Мангытские династии ныне царствующие в Бухаре. СПб., 1878; Мечети Самарканда. Вып. 1. СПб., 1905; Хан из темников Золотой Орды Ногай и его время. Петербург, 1922.