БРУНЕЛЛЕСКИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРУНЕЛЛЕ́СКИ Филиппо (1377, Флоренция – 15. 4. 1446, ошол эле жер) – итал. архитектор, скульптор, илимпоз. Флоренцияда иштеген. Кайра жаралуу арх-расын ж-а ил. перспектива теориясын түзүүчүлөрдөн. Антикалык салттарды жаӊыча пайдаланган. Б-нин чыгармалары гармониялуулугу, инж.-курулуш жактан чечилишинин жеткилеӊдиги м-н айырмаланат (Санта-Мария-дель-Фьоре соборунун кумпасы, 1420–36; Оспедале дельи Инноченти, 1421–44; Пацци капелласы, 1429 –69) – баары Флоренцияда).

Ф. Брунеллески. Флоренциядагы Санта-Мария-дель-Фьоре
соборунун кумпасы. 1417–71.