БРУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРУТ Марк Юний (б. з. ч. 85, Италия, Рим – 23. 10. – 42, Филипп, Македония) – римдик саясий ишмер. Цезарь м-н Помпейдин ортосундагы күрөштө акыркысын колдогон. Помпейдин Ферсалдын алдындагы жеӊилишинен (48-ж.) кийин, Цезарь аны өз тарабына тартуу максатында Цизальпы Галлиясына наместник, кийинчерээк Римге претор (46-ж.) кылып дайындайт. 44-ж. Б. Кассий м-н бирдикте Цезарга каршы кутум уюштурат. Айрым уламыштар б-ча Б. Цезарга биринчи болуп канжар урган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Б. м-н Кассий экинчи триумвиратка (Октавиан, Антоний, Лепид) каршы респ-чыларды жетектейт. 42-ж. Филипп алдындагы жеӊилүүдөн кийин Б. өзүн-өзү өлтүргөн.