БРЮЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЮЛЬ – Германиядагы шаар. Түн. Рейн-Вестфалия жеринде (адм.-айм. бирдик). Калкы 44,2 миӊ (2006). Рейн д-нын өрөөнүндө, Кёльн м-н Бонн ш-нын ортосунда жайгашкан. 1285-ж. шаар статусун алган. 1469-жылдан Кёльн курфюрлугунун борбору, 1597-жылдан жайкы резиденциясы. Чептин ордуна кооз салтанат тепкичтүү Аугустусбург сарайы курулган. 1740-ж. Франциялык кенен парк (Жирардын долбоору м-н), англ. парк (П. Ж. Лене) уюшулган; паркта Фалькенлуст (1729–40, Кювилье) аӊчылык замогу бар. Сарай ж-а аӊчылык замогу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Франциск монастырынын бир аз бөлүгү, Ыйык Мария чиркөөсү сакталган. Федерация финансы, коомдук башкаруу академиялары, европ. ин-т, музейлер бар. Металл иштетүү, кагаз өнөр жайы иштейт. Пиво кайнатылат. Жыл сайын «Брюль замок концерттери» муз. аптасы, өспүрүмдөрдүн теннис б-ча турнирлери, «Фантазия өлкөсү» парк аттракциону өткөрүлөт. Туризмдин борбору.