БРЮСОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЮ́СОВ Валерий Яковлевич [1 (13). 12. 1873, Москва – 9. 10. 1924, ошол эле жер] – орус акыны, адабиятчы, сынчы, тарыхчы. Москва ун-тинин тарых-филология ф-тин бүтүргөн (1899). 1894–95-ж. жарыяланган ырлары француз символисттери П. Верлен, С. Малларменин поэзиясынын таасиринде жазылган. «Шедеврлер» (1895), «Бул – мен» (1897), «Үчүнчү күзөт» (1900) жыйнактары жарык көргөн. 1905-жылдагы рев-яны кубаттаса да, анын милдетин анархисттерче түшүнгөн. Акын, теоретик, драматург, прозачы, тарыхчы, котормочу катары орус ад-тынын өсүшүнө салым кошкон. Анын поэзиясына тарыхый, маданий маселелер, рационализм, декламациялык түзүлүш мүнөздүү. «Шаарга жана жер жүзүнө» (1903), «Гүлчамбар» (1906) деген ыр китептери, «Жалындуу периште» (1908), «Жеӊиш курмандыгы» (1913) тарыхый романдары бар. Өмүрүнүн акырында «Акыркы үмүттөр» (1920), «Көз ирмем» (1922) ж. б. ыр китептери жарык көргөн. Аны М. Горький: «Россиядагы эӊ маданияттуу жазуучу» деп атаган.