БУБЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́БЕН – орус элинин байыркы урма муз. аспабы. Тегерек алкактын бир жагына тартылган жаргактын диаметри 400–500 мм. Алкактын оюктарына жука жез табакчалар кадалып, ич жагына жылаажындар тагылат. Добуш силкилдетүү же кол м-н ургулоо аркылуу алынат. 19-к-дан баштап симф. оркестрге кеӊири пайдаланыла баштаган. Б. дэф, дяф

же габал (азербайжан), даф же хавал (армян), дайра (грузин), дойра (өзбек, тажик), дайра же даф (иран) ж. б. аттарда тараган. Байыркы Руста «Б.» барабан катары да пайдаланылган.