БУБЕНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́БЕНОВ Андрей Леонтьевич – 19-к-дын биринчи жарымында орус падышалык бийлигинин Түн.-Чыгыш Казакстандагы кызматкери. Семей ш-нда ар кандай мамл. кызматтарда иштеген. 1813-ж. казак-кыргыз конуштары аркылуу Чыгыш Түркстанга жөнөтүлгөн көпөс Миркурбан Ниязовдун соода кербенине кошулуп, Кырг-нга атайын тапшырма м-н келген. Шапак, Шералы, Эшим ж. б. кыргыз бийлеринин Түп суусунун боюндагы конушунда жылуу маанайда кабыл алынган ж-а Батыш Сибирь бийликтеринин катын тапшырган. Алар жооп иретинде көпөстөрдү каалаган жерлерине чейин узатып бара тургандыктарын билдиришкен. Шералы бийдин уулу Ажыбай кербенди Чыгыш Түркстандагы Ак-Сууга бараткан жолдогу Үч-Турпан ш-на чейин узатып барган. Б. көпөстөр м-н Чыгыш Түркстандан кыргыз конуштарына кайтып келгенден кийин Шералы ж-а Ниязбек бийлер Сибирь линиясынын башчысы Г. И. Глазенапка кат жазып, өзүлөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 21-ноябрда Б. кыргыз өкүлдөрү Качыбек ж-а Жакыпбек м-н бирге Ысык-Көлдөн чыгып, 1814-ж. 5-январда Семей чебине келишкен. Сибирь бийликтери тарабынан кабыл алынган кыргыз өкүлдөрү өзүлөрүнүн конуштары аркылуу Кытайдын Ак-Суу, Кашкар, Тибет, Жаркент ш-на ж-а Кашмирге каттаган кербендерге колдоо көрсөтөрүн айтышкан ж-а өз элинин атынан императордун бийлигине өтүүнү каалагандыктарын билдирүү үчүн Санкт-Петербургга императорго жөнөтүүнү өтүнүшкөн. Борбордун алыстыгына байланыштуу элчилерди Тоболдогу генерал-губернатор кабыл алган. 1815-ж. жайында кыргыз элчилери мекенине кайтышкан. Б-дун кыргыз конуштарына келиши 19-к-дын акырынан бери үзүлүп калган кыргыз-орус байланышын калыбына келтирген. 1824-ж. 31-декабрда бугу уруусунун бийлери Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шералы уулу, Алымбек Жапалак уулу баштаган өкүлдөр Семейге келген, андан 1825-ж. январь айында Омскиге барышкан. 1827-ж. 30-мартта Б. кыргыз конуштарына кайрадан келген ж-а аталган элчилерге Батыш Сибирь бийликтеринин белектерин тапшырган. Б. бир айдан ашык бугу уруусунун конушунда болуп, алардын турмушу ж-а ысык-көлдүк кыргыздардын өз ара мамилелери, саясий абалы м-н таанышкан. Т. Асанов.