БУГ БАТЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУГ БАТЫШ , Б а т ы ш Б у г – Польша, Украина, Беларуссия аркылуу аккан дарыя, Висланын оӊ куймасы. Уз. 831 км, алабынын аянты 73,5 миӊ км2. Негизинен Мозовец-Подляс ойдуӊу м-н агат. Негизги куймалары: Мухавец, Нарев (польшалык ж-а немистик айрым эмгектерде Буг Наревдин куймасы делинет). Чатынан 315 кмге чейин кеме жүрөт. Припять ж-а Неман д. м-н каналдар аркылуу туташат. Боюнда Брест ш. орун алган.