БУГУ ТАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУГУ ТАШТАР – соӊку коло доорунан эрте темир доорунун башталыш мезгилине таандык бугу келбеттери чегилген таш мамылары. Алар Монголияда, Тывада, Алтайда, Казакстанда, Чыгыш Түркстанда, Волга боюнда, Уралда, Түн. Кавказда, Болгарияда, Эльбада кеӊири тараган. Мон-голия ж-а Түш. Сибирде кездешкен таш мамылардын жогору

жагында тегерек шакекче – күн, борб. бөлүгүндө бугу ж-а ача туяктуу жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. Кырг-ндын да айрым жерлеринде: Ысык-Көлдө, Чүйдө, Соӊ-Көлдө (Ак-Куланын мамысы, Манастын таш тулгасынын биринде – Мамыташ, Кыла жергесинде) таш мамылар сейрек кездешет, бирок аларда бугунун сүрөттөрү эмес, канжар, окчонтой ж-а тегерекчелер түшүрүлгөн. Соӊ-Көлдөгү Б. т. мезгили жагынан эрте темир дооруна туура келет. Буранадагы ачык асман астындагы археол. комплексте да айкел катары колдонулган уникалдуу бугу ташы бар.
К. Табалдиев.