БУДАПЕШТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУДАПЕ́ШТ – Венгрия Респ-нын борбору. Пешт медьесинин (адм-айм. бирдик) адм. борбору. Дунай д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө адм.-айм. бирдик. Калкы 1,7 млн (2016). Ири жолдор тоому. 1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-ж. алар Б. болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-ж. Буда, Обуда, Пешт монгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда – венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королду-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

гунун борбору. Буда, Обуда ж-а Пешт 1541–1686-ж. Осмон империясынын, 18-к-дын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-ж. көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-ж. мартта немис аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-ж. февралда сов. аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Респ-нын борбору.
Өлкөнүн башкы саясий, ил., экон. ж-а маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Б-те Венгриянын өнөр жайынын 30% жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, трансп., электр-тех.), текстиль ж-а хим. өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, ун-т, Ф. Лист атн. муз. академия, Улуттук гал., Сүрөт иск-во музейи, Улуттук иск-во, этногр. ж-а тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Б-тин негизги бөлүгү – тоолуу Буда (оӊ жээк) ж-а түзөӊдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Б-тин тарыхый очогу, анда 13–19-к-дын арх-ра эстеликтери басымдуу келип, алар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарды бошоткон Сов. Жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соӊку ж-а азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйпешт ж. б.). Метрополитен иштейт.