БУДДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́ДДА (санскр. «күнөөдөн арылган, көзү ачык» деген мааниде) – буддизм дининде олуялыкка жеткен «касиеттүү» адам. Буддалык диний китептерде миӊден ашык Б. бар. Тар мааниде Б. деп буддизмди негиздөөчү катары эсептелген Сиддхартха Гаутаманы айтат, ал б. з. ч. 623–544-ж. жашаган. 29 жашында атасынын хан сарайынан, үй-бүлөсүнөн безип, жер кезип кетет да, ар кандай кырсыктардын себебин ачып, алардан адамдарды «куткаруунун» жолун тапмакчы болуп, диний китептерди окуп, брахманизмден баш тартат да, жаӊы динди жаратууга аракет кылат. Акырында ал «чыныгы динди» тапкандыгын жарыялап, Б. деген наам алат. Ал өмүрүнүн акырына чейин башка шаарлар м-н кыштактарда өз динин үгүттөгөн имиш. Бул адамдын тарыхта болгондугу ж-дө анык маалымат жок. Буддизм таралган Азиянын көп мамлекеттеринде Б. ж-дө ар түрдүү легендалар пайда болгон. Б-нын образы, ага коюлган эстеликтер буддизмде «касиеттүү» деп эсептелинет.