БУЖУМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЖУМ – Баткен р-нундагы кыштак. Баткен айыл округуна караштуу. Ош – Исфана автомобиль жолунун боюнда, Төрткүл суу сактагычынын чыгыш тарабында, деӊиз деӊг. 1140 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен ш-нан 5 км. Исфара (Тажикстан) темир жол бекетинен 27 км. Калкы 6385 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, төрөт үйү, чач тарач бар.