БУЖУМБУРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЖУМБУ́РА – Бурунди мамлекетинин борбор шаары. Калкы 374,8 миӊ (2012). Танганьика көлүнүн түн.-чыгыш жээгиндеги порт, өлкөнүн соода-трансп. ж-а экон. борбору. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка кофе, пахта, тери, калай концентратын ж. б. чыгарат. Тамак-аш, жеӊил өнөр жайы, цемент, пиво з-ддору иштейт. Балык кармалат. А. ч. сырьёсунан азык-түлүк даярдайт. Тор түйүү ф-касы, ун-т бар. 1897-ж. негизделген. 1922-жылдан мандат м-н башкарылуучу, 1946–62-ж. опека алдындагы (Руанда-Урунди) Бельгия аймагынын, 1962-жылдан көз каранды эмес Бурунди мамлекетинин борбору.