БУЙ
БУЙ (голл. boei) – деӊиз, көл ж-а дарыяларда кеме өтүүчү жерлердеги кооптуу (тайыздыкты, суу алдындагы чоӊ таштарды ж. б.) жерлерди белгилөөдө коюлган, белгилүү формадагы ж-а түстөгү калкыма белги. Жарык берүүчү, үн же радиосигнал берүүчү түзүлүштө болушу мүмкүн. Радиогидро акустикалык Б. (радиобуй) – маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, аны кабыл алуучу станцияга берүүчү калкыма каражат. Океанографиялык ж-а навигациялык байкоо жүргүзүүдө, суу алдындагы кемени табууда да колдонулат. Алгачкы радиобуй 1945-жылдан, б. а. суу алдындагы атомдук кеме жасалгандан тартып пайда болгон. Радиобуй самолёт, вертолёттон ж-а кемеден топ-тобу м-н түшүрүлүп, туюкталган тоскоолдуктар түзүлөт же орнотулат. Ал пассивдүү ж-а активдүү, багытталган ж-а багытталбаган болуп айырмаланат. Анын суу алдындагы кемени табуу аралыгы Б-дун гидро акустикалык түзүлүшүнө, суу чөйрөсүнө, суу алдындагы кеменин түзүлүшүнө жараша болуп, бир нече жүз мден бир нече кмге жетет.