БУЙГА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЙГА – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак. Чалма айыл округуна караштуу. Буйга суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 1820 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыш-нан 34 км түш.-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 115 км. Калкы 1660 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП иштейт.