БУКАРА 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКАРА – Чүй обл-нун Панфилов р-нундагы кыштак. Орто айыл округуна караштуу. Чоӊ Кайыӊды суусунун сол өйүзүндө, деӊиз деӊг. 946 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кайыӊды ш-нан 21 км түн.-чыгыш тарапта. 1929-ж. отурукташкан. Калкы 1067 (2009); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.