БУКАР ЫРЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКАР ЫРЧЫ (1693, Казакстан, мурунку Баян айылы, Далба тоосунун этегинде – 1787, ошол эле жер) – казак элинин белгилүү ырчысы; Абылай хандын кеӊешчиси, иниси. Ал кара сөз м-н эмес, көмөкөйүнөн ыр м-н сүйлөөчү экен. Ошондуктан казак эли аны «Көмөкөй ырчы» аташкан. Көп учурда Абылай хандын өтүнүчү м-н түшүндө көргөндөрүн болжоп айткандары чындыкка дал келген. Атасы Калкаман баатыр болгон. Б. ы-дан Акдербиш, Жарылгап, Жанта аттуу үч уул тараган. Жарылгап урпактарынан Күреке акын, илимпоз Б. Аяпбергенов деген белгилүү адамдар чыккан. Б. ы. жунгар баскынчылыгынын тушунда өмүр сүрүп, ошол кыйчалыш доорду ырдаган, эл-журтун баскынчыларга каршы күрөштө биримдикке чакырган. Абылай ханга зор ишеним көрсөткөн. Абылай хан да эл-журтун баскынчылардан коргоп, элинин бейпилдиги үчүн кызмат кылган. Ырчы ошол мезгилди, хан м-н анын баатырларынын эрдиктерин ырга кошуп, алардын өчпөс элестерин тарыхта калтырган. Анын «Абылай хандын кашында», «Ай, Абылай, Абылай», «Казактын ханы Абылай», «Ханга жооп», «Ай, Абылай, сен он бир жашыӊда» ж. б. ырларында хандын жүргүзгөн саясатын көрөгөчтүк м-н чагылдырган. Чыгармаларында жакшылык м-н жамандык, адилеттүүлүк м-н адептүүлүк, жаштык м-н карылык, достук м-н кастык, адалдык м-н арамдык ж. б. филос.-дидактикалык түшүнүктөрдү кеӊири колдонгон. Б. ы-нын ырлары Абылай доорунун күзгүсү болгон.