БУЛАВАЙО
БУЛАВА́ЙО – Зимбабвенин түш.-батышындагы шаар. Түн. Матабелеленд провинциясынын адм. борбору, ошону м-н катар өз алдынча провинция статусуна ээ. Калкы 653,3 миӊ (2012); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 2-шаар. Матабеле платосунда, деӊиз деӊг. 1600 м бийиктикте жайгашкан. Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1884-ж. негизделген. Илим ж-а техн. ун-т (1927), калк ж-а улуттук китепкана, музейлер, сүрөт гал., театр бар. Улуттук кол өнөрчүлүктүн борбору. Жыл сайын эл аралык соода ярмаркалары өткөрүлөт. Тамак-аш, текстиль, фармацевтика, булгаары-буткийим, хим., жыгаччылык, машина куруу, металл иштетүү өнөр жайлары иштейт. Тоо кен казып алуучу (хромит, асбест, алтын, калай, жез, никель) аймактын борбору. Шаарга жакын Матопос улуттук паркы (Сесил Родстун сөөгү коюлган) жайгашкан. Б-дан 22 км аралыкта соӊку темир доорунун калдыгы Кхами тургун жайы сакталган. Ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.