БУЛАК-СУУ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАК-СУУ МӨӉГҮСҮ Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталында. Корженевский мөӊгүсүн түн.-батыштан тороп турган тоо тармагынын Чоӊ Алай кырка тоосуна тутумдашкан жеринен орун алган. Уз. 5,2 км, аянты 3,3 км2, көлөмү 0,1 км3. Абляция обл-нун аянты 1,3 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5300 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Куралуу облусу үч тарабы бийик беттер м-н курчалган төр. Этеги аяккы мореналар м-н торолгон. Мөӊгүдөн Кызыл-Агын суусунун курамы – Булак-Суу башталат.