БУЛБУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛБУЛ (Luscinia) – таркылдак сымалдар тукумунун уруусу. Уз. 20 см. Кадимки Б. ж-а түш. Б-у деген 2 түрү бар. Келгин куш, көбүнчө суу жээгиндеги бадалдуу токойлордо, камыштуу саздарда, арчалуу, бадалдуу жерлерде жашайт. Курткумурска, чымын-чиркейдин личинкаларын жейт. Түш. Б. Кырг-нга да келип уялайт, уясын жерге же дүмүргө салат, 4–5 жумуртка тууйт. Апрель – май айларында келет да,

сентябрь – октябрда жылуу жактарга учуп кетет. Эркеги кубулжутуп сайрайт.