БУЛГААРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛГААРЫ – жаныбардын түгү алынган, ашатылган, була түзүлүшү сакталган териси. Ал керектелишине жараша мех., физ. ж-а хим. жол м-н касиети өзгөртүлүп даярдалат. Ушуга ылайык Б. 4 класска бөлүнөт. 1. Б у т к и й и м д и к жумшак Б-дан ички таман, таман, ички апкыт, ичилик, ал эми башы, кончу, апкыты түрдүү боёочу заттар м-н иштетилген катуу Б-дан жасалат. Б. өӊдөө түрүнө, иштетүү мүнөзүнө, калыӊдыгына (1,75–7 мм), сортуна (4 сорт) жараша айырмаланат. Хром, таннид, синтан, кээде алюминий, цирконий ж. б. бирикмелер кошулуп ийленет. Бут кийимдин сырты жасалуучу Б. жумшак же лакталган болууга тийиш, ошон үчүн ага көбүнчө хром кошулуп ийленет, лактоо үчүн бетине майлуу, полиуретандуу, интроцеллюлозалуу лак сүйкөлөт. Ийленип, бирок начар чыгып калган Б. ичиликке жумшалат. 2. Ш а й м а н д ы к Б-дан кур, планшетка, сумка, ат шаймандары жасалат. Буга бодо малдын, чочконун териси керектелет. 3. Т е х н и к а л ы к Б-дан машина тетиктерине кыймыл бергич ж-а токуу станогун айландыргыч тасмалар, машина тетиктери (ызгыт, манжет ж. б.) ж-а тех. буюмдар даярдалат. 4. К и й и м-г а л а н т е р е я л ы к Б. – хромдуу ж-а айкалыштырылган метод м-н ийленип, өөн териден жасалган жумшак материал. Кийимдик Б. көбүнчө кой, кээде чочко терисинен алынат. Галантереялык буюмдар (мээлей ж. б.) кой, эчки, кулун, торопой, ит ж. б-дын терисинен даярдалган Б-дан жасалат. Кыргыздар мурда эле өтүк, кепич, маасы, тердик ж. б. жасаш үчүн атайын Б. даярдашкан. Ал үчүн мал, кайберен терисин жыдытып, малмага ашатып, челдеп, ийлешкен. Тери ийи жеткен кезде бадан, ат кулак, ышкын, кымыздык, ындыз сыяктуу өсүмдүктөрдүн түбү (тамыры) же кабыгы (талдын, сары жыгачтын ж. б.) м-н боёлгон. Боёлгон терини тебелеп же талкууга салып ийлеп, боёктун өӊү өчпөсүн үчүн ачык таш кошуп, тоборсугандан кургаганча ийленген. Жасалма Б-га плёнка сыяктуу каучук м-н капталган нитроцеллюлоза, полиамид, поливинихлорид, полиуретан ж. б. кирет.