БУЛГАЧЫ УРУУЛУК БИРИКМЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛГАЧЫ УРУУЛУК БИРИКМЕСИ , и ч к и л и к у р у у л а р т о б у – кыргыздардын ичкилик уруулук бирикмесинин алгачкы мезгилде аталышы. Кыргыз уруулары жалпысынан оӊ канат, сол канат ж-а ичкилик уруулар тобуна бөлүнөт. «Ичкилик» термини уруулук бирикменин аталышы катары бизге 18-к-дын экинчи жарымынан гана белгилүү ж-а андан кийинки мезгилдерде дайыма колдонулуп келген. Ал эми бул уруу бирикмесине кирген уруулар бизге жеткен айрым жазма булактарда (18–19-к.) «булагачы», «булгачы» деген жалпылама ат м-н аталат. Ушуга байланыштуу кийинки мезгилде «ичкилик» деген термин м-н аталган уруулар тобу, алгач «булагачы» «булгачы» деп аталып келгендигин көрөбүз.
Кыргыз урууларынын курамынан кабар берген 16-к-дагы Аксикентинин «Мажму ат-таварих» чыгармасында кыргыз уруулары оӊ канат, сол канат уруулар тобу деген эки гана топко бөлүнөт. Оӊ канат урууларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ак уулдун Отуз огул ж-а Салус-бек Булгачи (Булагачи) деген эки уулу болуп, Отуз огулга азыркы оӊ канат уруулары, ал эми Салус-бек Булгачыга бостон, тейит, жоокесек, дөөлөс, кыдырша, каӊды уруулары таандык болуп көрсөтүлөт. «Мажму ат-таварихтеги» бул алты уруунун бардыгы теӊ – кийинки мезгилде «ичкилик» деп аталган уруулук бирикмеге кирген уруулар.
Б. у. б-нин жаралуу теги ж-дөгү маселе б-ча изилдөөчүлөрдүн арасында ар кыл көз караштар бар. К. И. Петровдун пикиринде ичкилик тобун түзгөн уруулардын «уюткусу» 13-к-да Енисей боюндагы Баргужин Токум аймагында жашаган монгол тилдүү булагачин ж-а кэрэмучин уруулары м-н этногенетикалык байланышта турган. Тагыраак айтканда, булгачы урууларынын өзөктүк уруулары булагачин ж-а кэрэмучин урууларынан куралган деген ойду билдирет. Бул көз карашты этнограф С. М. Абрамзон кескин сынга алып, «булгачы» (булганч, булганчы) ысмы түрк тилинин негизинде келип чыккан деп болжолдойт. 13-к-да Түш. Сибирь аймагында кездешкен булгачын аталышына окшош термин м-н аталган уруулар 14-к-да Чыгыш Теӊир-Тоо аймагында кездешет. Аксак Темирдин аскерлери 14-к-дын аягында Чыгыш Теӊир-Тоого уюштурган жортуулдарынын биринде булгачы ж-а салучи уруулары м-н согушкандыгын Низамуддин Жами өз эмгегинде эскерет. Мындагы салучи аталышынын алгачкы тамгасы араб ариби «с» м-н «к» окшошуп калышынан пайда болгондугу байкалат. Моголстандагы булгачы ж-а калучи урууларынын көп бөлүгү 15-к-дын орто ченинде өлкөдөгү саясий башаламандыктардан улам Дашт-и Кыпчактагы Абулкайыр-ханга жер которуп көчкөндүгүн Хайдар Мырза баяндаган. Ушул маалыматка таянган С. М. Абрамзон 15-к-дын ортосунан кийин Теӊир-Тоо чөлкөмүндө булгачы уруулары калган эмес деген калпыс пикирди тутунган. Чындыгында бул уруу толугу м-н Теӊир-Тоодон кеткен эмес. Алардын айрым бөлүктөрү өз мекенинде калган ж-а алар ошол мезгилде Моголстанга көчүп киришкен кыргыз уруулары м-н этникалык алакаларда тургандыгына, кыргыздардын булгачы уруулук бирикмесинин аталышы далил болот. Кыргыздардын ичкилик уруулук бирикмесинин эӊ алгачкы курамын булгачы ж-а калучи урууларына таандык этностук топтор негиздесе керек. Бирок аларга кийинки мезгилдерде акырындык м-н тектеш уруулардын чачкын калдыктарынан турган этностук элементтер кошулуп отуруп, кыргыз элинин уруулук курамына сиӊип кеткендиги байкалат. Мис., 16-к-да булгачы тобуна алты гана уруу кирсе, 19-к-дын аягында алардын саны эки эсеге көбөйгөн. Б. у. б-нин «ичкилик» деген терминге алмашылышы, кыргыздардын азыркы мекенине жайгашуусу м-н байланышта болгон. Борб. Теӊир-Тоону мекендеген кыргыздар геогр.-аймактык белгилери б-ча бөлүнө баштагандыгын 18-к-дагы кытай жазмалары маалымдашат. Түш. Кырг-нды жердеген булгачы урууларын ичкилик уруулар деп атоо – бул геогр. орун алуу белгиси б-ча түштүктүк уруулар деген мааниге ээ болгон. Себеби кыргыз урууларынын түш. аймактары булгачы урууларына таандык болгон. «Ичкилик» термини «түштүктүк» сөзүнүн синоними, б. а. ичкилик түштүктүк, аркалык түндүктүк дегенди түшүндүрөт. Ушул себептерден улам, мурдагы «булгачы» термини мезгилдин өтүшү м-н «ичкилик» урууларына алмашып кеткен. Бирок «булгачы» элдин эсинен өчкөн эмес. Айрым санжырачылар бул терминди эскеришкендигин С. М. Абрамзон өзүнүн иликтөөлөрүндө белгилеген. Мындан тышкары ичкилик уруу бирикмесине кирген уруулардын ички уруктук аталыштарында бул термин сакталып калган. Мис., найман уруусунда булгачы-найман уругу бар. Кыргыздардын этностук курамындагы ичкилик уруулук тобуна – тейит, бостон, кесек (жоо кесек), нойгут, каӊды, кыпчак, найман, дөөлөс, кыдырша, ават, оргу урулары кирет.
Р. Жолдошев.