БУЛУТ
БУЛУТ – өтө майда суу тамчылары м-н муз кристаллдарынын атм-да топтолушу. Ал абада суу буусунун көбөйүшүнөн пайда болот. Абадагы суу тамчылары, кристаллдары чоӊойсо жаан-чачынды пайда кылат. Б-тар жер бети




нен 1–6 кмге чейин же андан да жогорку бийиктикте байкалат. Эгер суу буулары тамчы түрүндө абанын жерге туташ бөлүгүндө коюуланса, т у м а н д ы пайда кылат. Б-ту түзүүчү суу тамчыларынын өлчөмү (диаметри) 0,001–0,05 мм, ал эми 1 см3де орто эсеп м-н 100–600 тамчы, б. а. 0,2–0,5 г суу болот. Б-тун өӊү ак, боз, кара болот. Калыӊдыгы 0,1 кмден бир нече кмге чейин. Б-тар бийиктигине карай 4 яруска, сырткы көрүнүшү б-ча түрмөк, канат сымал, катмарлуу болуп бир нече түргө бөлүнөт. Б-тун пайда болушун, формасын, түрүн ж-а анын кыймылын байкоонун негизинде аба катмарларынын туруктуулугун, нымдуулугун ж. б. өзгөрүүлөрүн билүүгө болот. Адам заттын Б-тарга активдүү таасир тийгизе алышынын эл чарбасы үчүн мааниси бар. Азыркы учурда илим м-н техниканын жетишкендиктерине таянып, Б-тан жаан жаадыруу, чагылгандуу Б-тардын пайда болушуна тоскоолдук кылып, а. ч-на зыян келтирүүчү мөндүрдүн түшүшүн токтотуу, чогулган Б-тарды таркатуу, мезгилсиз жүрүүчү үшүктөрдөн өсүмдүктөрдү сактап калуу жолдору иштелип чыккан. Бул үчүн Б-тарга атайы реагенттер (катуу көмүр к-тасы, йоддуу күмүш, ультра үндөр ж. б.) аралаштырылат. Б-тарга реагенттерди жиберүү (алып баруу) самолёттордун, ракеталардын ж. б. куралдардын жардамы м-н ишке ашырылат. Азыркы мезгилде 10 000 км2 аянттагы Б-тарды таратууга же аны узак убакыт бою сактап туруу мүмкүнчүлүгү табылган.