БУЛУТ ӨЛЧӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛУТ ӨЛЧӨГҮЧ – булуттун төмөнкү ж-а жогорку чегинин бийиктигин өлчөөчү прибор. Ал асманга шар-зонд м-н көтөрүлүп, булутка киргенде ж-а андан чыкканда жарык шооласынын өзгөрүшүн ж-а абадагы суу тамчыларын сезгич элементтүү радио бергич аркылуу жерге жиберет. Ал сигналдар жердеги байкоо пункту тарабынан кабыл алынат. Шар-зонддун бийиктик б-ча ылдамдыгы ж-а сигнал өзгөрүлгөнгө чейинки убакыт белгилүү болгондон кийин, булуттун бийиктиги эсептелип чыгарылат. Б. ө. метеорологияда колдонулат.