БУМЫН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУМЫН (490–552, Түрк кагандыгы) – Улуу Түрк кагандыгынын (552–744) негиздөөчүсү ж-а анын 1-каганы. Ашина уруусунан. Түрк жазма булактарында Б. каган, ал эми кытай жазма булактарында Тумын каган деп да аталат. Б. адегенде башка мамлекеттер м-н соода ж-а элчилик байланыштарды түзө баштаган. 545-ж. анын ордосуна жужандардын душманы болгон Батыш Вэй императору Тайцзудан элчи келген. Кийинки жылы Б. өз элчисин императордун сарайына жиберген ж-а акырындык м-н өзүнүн душмандарына каршы союз түзө баштаган. Жужандарга каршы

чыгууга али эрте экендигин түшүнгөн Б. алардын ханы Анахуанга мурункудай эле көз каранды бий катары темирден жасалган буюмдарды жөнөтүп турган. Кала берсе ал жужандардын бийлигине каршы көтөрүлүштөрдүн бирин баскан. 550-ж. Жунгарияда жашаган теле уруулары Монголиядагы Анахуандын ордосун көздөй жортуулга жөнөшкөн. Бирок алар жарым жолго келгенде жакшы куралданган Б-дын атчан аскерлери тарабынан талкаланган. Бул жеӊиштен соӊ Б. жужандарга каршы согушка даярдана баштаган. Ал Анахуан м-н кагылышуу максатын көздөп, анын кызынын колун сураган. Буга ачуусу келген Анахуан «сен менин темир эриткичимсиӊ, кантип сен мага ушундай сунуш кылууга батындыӊ» деп одоно жооп берген. Б. мындай жооп м-н келген Анахуандын элчисин өлтүрөт, батыш вейлик император Вэньди м-н жужандарга каршы келишим түзүп, анын кызы Чилеге үйлөнөт. 552-ж. Б. жужандарга каршы согуш ачып, аларды аёосуз талкалаган. Жеӊилген Анахуан өзүн өзү өлтүргөн. Ошентип, Борб. Азияда Улуу Түрк кагандыгы түзүлүп, Б. «илигкаган» деген титул алган.
Ад.: Гумилев Л. Н. Древние тюрки. М., 1967; Караев Ө. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994.
Ө. Караев.