БУНКЕР
БУ́НКЕР (англ. bunker) – 1) жапкычтын ж-а азыктандыргычтын төмөнкү бөлүгү аркылуу түшүрүлүүчү чубурма ж-а кесек материалдарды убактылуу сактоочу орун. Б-дин туруктуу ж-а жылдырылма түрү бар. 2) Кеме Б-и – күйүүчү отун сактоочу жай. 3) Бетондолгон коргонуучу жай, узак убакыт туруучу фортификациялык курулма.