БУРА
БУ́РА , т и н к а л, Na2B4O7·10H2O – тетрабор к-тасынын натрий тузу. Табиятта ак, сары кээде күӊүрт түстө кездешет; суудагы эритмеси негиздик реакцияны көрсөтөт. 350–400°Сге чейин ысытканда суусуз Na2B4O алынат. Таза Б-ны кайрадан кристаллдаштыруу м-н алууга болот. О. эле табигый бораттарга ж-а бор к-тасынын эритмесине соданы таасир этүүдөн алынат. Эриген Б. металл оксиддерин жакшы эритет. Ошондуктан каӊдоо ишинде, металлдын бетин тазалоодо, чопо өндүрүшүндө, оптикалык айнек чыгарууда, тери иштетүүдө колдонулат.