БУРАМАЛУУ КЫЙМЫЛ ӨТКӨРГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРАМАЛУУ КЫЙМЫЛ ӨТКӨРГҮЧ – айлануу кыймылын түз сызыктуу кыймылга айландыруучу механизм. Негизинен эки тетиктен – бурамадан ж-а буроодон турат. Алар негизги өзгөчөлүктөрүнө, констр-сынын жөнөкөйлүгүнө, катыш сандын чоӊдугуна, көбүрөөк сүрүлүшүнө ж-а п. а. к-нин кичинелигине жараша колдонулат. Аларда трапециялык, тик бурчтук ж-а такалма бурама сай жасалат. Констр-сы б-ча жөнөкөй сүрүлүүчү, гидростатикалык ж-а шариктүү болуп бөлүнөт. Кийинки 2 түрдө сүрүлүү суюктуктук же тоголонмо болгондуктан, п. а. к. 0,98–0,99 га жетет. Шариктүү Б. к. ө. Программа б-ча башкарылуучу станоктордо, самолёттордун шассисин көтөрүп-түшүрүүчү механизмде, автомобилдин рулдук башкаруу системасында ж-а ар кандай приборлордо пайдаланылат.