БУРАМАЧАП КӨРҮСТӨНҮ
БУРАМАЧАП КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5-к-на таандык байыркы көрүстөндөр тобу. Ат-Башы р-нундагы Арпа өрөөнүндө Бурамачап деген жерде жайгашкан, ошол жердин атынан аталган. Б. к-нүн дөбөчөлөрүн алгач А. Н. Бернштам (1944), кийин окумуштуулар М. И. Москалёв (1983), Н. Г. Галочкина (1986) ж. б. изилдешкен. Изилденген бир нече көрүстөндөн чопо идиштер, жыгачтан жасалган буюмдар, оймо-чиймелүү кооз жасалгалар, курдун темир төӊөлүгү ж-а коло билерик табылган. Көрүстөндөрдөн ар түрдүү типтеги дөбө-мүрзөлөр кездешет. Мүрзөлөр казанактуу ж-а жөнөкөй. 1-көрүстөн 5 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийикт. 0,5–8 м, диаметри 10–30 м; 2-көрүстөндө эки башка типтеги 15 мүрзө эстеликтери бар. 1-тиби тик бурчтуу ж-а төрт чарчы таш курчоо (тосмо); 2-си төрт чарчы таш курчоо м-н тосулган таш дөбө-мүрзөлүү дөбө-коргон; 3-көрүстөн 10 дөбө-мүрзөдөн турат, бийикт. 0,1–0,4 м, диаметри 4–9 м; 4-көрүстөн 23 дөбө-мүрзөдөн турат, бийикт. 0,1–0,4 м. Диаметри 4–6 м; 5-көрүстөн 10 дөбө-мүрзөдөн турат, бийикт. 0,1–0,4 м, диаметри 9мге чейин жеткен. Мында казуу, изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес.